Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
«Министрликтерди кыскартуу натыйжа бербейт»

Азаттык
1 февраль 2021

Жаңы сунушталып жаткан өкмөттөн ишкер чөйрө инвестициянын корголушун жана ишкерлерге шарт түзүп беришин күтөт. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди.

- Аскар мырза, Кыргызстанда жаңы премьер-министрдин талапкерлигин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жактырды. Көрсөтүлүп жаткан талапкерге бааңыз кандай?

- Азырынча эми бул тууралуу айтуу эрте. Аны жыйынтыктарга карап туруп айталы. Алдыда жасай турган иштер арбын. Көптөгөн реформаларды, өзгөрүүлөрдү күтөбүз. Биз да өз сунуштарыбызды берип, премьер-министрликке Марипов бекитилип калса чогуу иштешебиз деп ойлойм.

- Өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов «өкмөттүн курамын кыскартам» деди. Бул канчалык натыйжалуу болот деп ишенесиз?

- Буга кылдаттык менен мамиле кылышыбыз зарыл. Анткени санды кыскартуу менен гана чектелбестен, ошонун сапатын да тууралаш керек. Кандайдыр бир министрликтердин кызматкерлери азайтылса, калгандары ошончо жүктү алып кетиши үчүн маяналары көбөйтүлүшү керек. Экинчиден, экономикалык жактан министрликтерге абдан өзгөчө мамиле кылышыбыз зарыл. Жогорку Кеңештеги талкууда да Экономика жана Финансы министрликтери биригип, бир мекеме болору жөнүндө талкуу жүргөнүн да угуп калдык. Менимче, бул жыйынтык алып келбейт. Азыркы экономикалык абалга тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени бул эки мекеменин максаттары, функциялары эки башка. Экономика министрлиги менен биз тыгыз кызматташып келебиз. Ал министрлик орто жана узак мөөнөттүү пландар менен иштейт. Маселен, «Кайсы тармакты өнүктүрсө болот? Евразия Экономикалык Биримдигинде кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыктарын кантип коргосо болот?» деген суроолорго жооп издеп, чоң иш алып барат. Ал эми Финансы министрлиги негизинен бюджет менен алек. Анын үстүнө мындай тажрыйба мурда да болгон жана андан жакшы жыйынтык чыккан эмес. Мисалы, азыр Экономика министрлигинин функциясына кирген инвестиция саясатын Финансы министрлиги кантип жүргүзөт? Ошол себептен Экономика министрлигин сактап калып, анын макамын тескерисинче көтөрүшүбүз абзел. Жалпысынан эле мамлекеттик органдардын санын кыскартканда ошол мекемелер тескеген тармактарга да көңүл бурулушу керек. Эгер тармак чындап эле чоң болсо, балким кандайдыр бир өзгөрүүлөр керек. Анан дагы бир маселе - министрликтердин саны кыскарганы менен ичиндеги кызматкерлердин саны ошол эле бойдон калышы мүмкүн.

- Жаңы өкмөт өлкөдө экономикалык абал абдан кыйчалыш болуп турган шартта түзүлгөнү жатат. Биринчи кезекте кризистен чыгыш үчүн кандай батыл чараларга барыш керек?

- Биринчи кезекте коопсуздукту камсыз кылыш керек. Эч кандай ишкерлерге, инвесторлорго коркунучу жок чөйрөнү түзүү зарыл. Эгерде коопсуздук маселеси чечилбесе бизнес иш жүргүзүүнү, жумуш орундарын түзүүнү ойлобойт. Бул бир, экинчиден бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, анын ичине сот системасынын өз алдынчалыгы да кирет. Үчүнчүдөн, калган экономикалык реформаларды жүргүзүү. Анын ичинде бюрократиядан, ишкерлерге, элге тоскоолдук кылган бардык иштерден арылышыбыз зарыл. Өтө зарыл эмес документация, кагаз-тастыктамаларды азайтуу жана бизнес жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү абзел.

- Инвесторлордун коопсуздугу демекчи, кийинки убакта Кыргызстанда бизнес өтө катуу басым-кысым алдында калганы тууралуу көп айтылып жатат. Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит бул тууралуу үн катты. Жаңы өкмөт мындай кооптонууга кулак салабы?

- Кулак салат деген үмүттөбүз. Чындыгында бул чоң көйгөйгө айланды. Ишкерлер эртең эмне болорун билбей, кооптонуп турушат. Бул бизди да тынчсыздандырат. Ишкерлерди коркутуп-үркүтпөстөн, мыйзам чегинде иш алып барыш керек. Бир эле мисалды айта кетсем, коңшу Казакстанга 2020-жылы Кыргызстандан агылган ишканалардын саны 46% көтөрүлдү. Демек, биздин мамлекеттен акча, каражат, капитал коңшу мамлекеттерге - Казакстанга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө агылып кетип жатат. Бул болсо ишкерлер Кыргызстанда өзүн коопсуз сезбейт дегенди билдирет. Ошону тез арада чечип, ишкерлерге ишеним берип, чечкиндүү чараларга барышыбыз зарыл. Экономика, ишкерлик жана инвестиция ишеним болгондо гана өнүгөт.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-sydykov-ishker/31080575.html

Элиза Кененбаева