Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору: “Өлкөнүн минералдык чийки-зат базасын толтуруу керек”

17 май 2021

Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору:

- Тоо-кен тармагындагы түстүү металлдар менен алектенген, жалпы салык режиминде иштеген бир дагы ишкана киреше ала турган чекке жете элек. Салык жүгү учурда ишканалардын таза пайдасынын 17,9 пайызын түзөт. Бул өтө көп. Башка өлкөлөр менен салыштырып көрөлү. Казакстанда салык жүгү тоо-кен ишканаларына карата таза пайдасынын 14 пайызын түзсө, Монголияда 15 пайызга жетет. Ал эми долбоорлордун чегин 10 жылдан 20 жылга чейин белгилешкен. Бизде көптөгөн компаниялардын кирешеси беш пайыздан да аша элек. Булардын баарын анализдеп келгенде 17,9 пайыз салык жүгү реалдуу эмес.

- Бул жааттагы компаниялар ишин баштагандан кийин канча убакыттан соң пайдага жете алышат?

- Ишкерчиликтин бул түрү бир топ татаал. Алгач издөө иштери, андан кийин геологиялык чалгындоо жүрөт. Ушул этаптардан соң гана иш киреше чегине жетет. Биздеги көп компаниялар учурда издөө иштери жана геологиялык чалгындоо менен алектенишет. Башкача айтканда, компаниялар долбоорду ишке ашырууга акча салышат, а бирок кетирген чыгымдары актала турган убакка жетише элек. Ошондуктан салык жүгүнүн көбөйүшү бул тармакка терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.

-Тең салмаксыздыкты көтөрө албай айрым компаниялар иштебей калуу коркунучу да барбы?

- Албетте, бар. Азыр айтылып жаткан айрым сунуштар ишмердүүлүгүн ак ниет менен аткарган кен казуучулардын ишин үзгүлтүккө учуратып, ал турмак толугу менен токтоп калуусуна жеткирет деп кооптонуп турабыз. Учурда буга чейинки бийлик тушунда айтылган айрым демилгелерди улантуу чакырыктары жүрүп жатат. Биринчи кезекте салыктын жогоруталышы дагы сөз болууда. Ошондой эле мурда берилген лицензиялардын баарын текшерүүгө алуу да айтылды. Бул дагы кооптондуруучу жагдай.

- Дагы кандай маселелер бар бул жаатта?

- Бизге өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын толтуруу керек. Эгемен жылдарында көп эле кен чыккан жайлар иштетилди, ошондуктан иштөө издерин кеңейтүү зарыл. Дүйнөлүк практикада издөө иштери менен алектенген компаниялар ар кандай төлөмдөрдөн такыр эле бошотулган. Иши кылса алар издеп, таап беришсе гана болду. А бизде төлөмдөрдү төлөшөт, издөөлөрүн уланта да беришет, жаңы пайдалуу кендерди табышат жана баланска коюшат.

Булак: "Майдан. kg" гезити

Шилтеме:http://www.sayasat.kg/kg/economy-2/98385-askar-sydykov-el-aralik-ishkerler-keshinin-director-%D3%A9%D0%BB%D0%BA%D3%A9%D0%BD%D2%AF%D0%BD-mineraldyk-chiyka-zat-basesyn-tolturu-kerek.html?fbclid=IwAR3zRTjskyTwOcZIVVynN9rJKCrSjBIiuPkNepLlg7eXe1dAj0gdyo5deVI