Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйдү

Азаттык
21 декабрь 2021

2021-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйдү. Ишкерлердин кооптонуулары күн санап өсүп, мамлекеттик институттардын адилетсиз мамилеси аларды чет жакка кетүүгө аргасыз кылып жатканын айтышууда. Ушундай коңгуроо каккан ишкерлер бирикмелери мамлекеттик бийликти сапаттуу чечимдерди кабыл алууга чакырып жатат.

Кыргызстандагы ишкерлерге мамиле

Быйыл жайында президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккан. Айрым маселелер жеринде чечилген. Өлкө башчысы ишкерлердин көйгөйлөрү менен жакшы тааныш экенин билдирген.

“Акыркы убактарда бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде “ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду” деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат. Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыкты көздөгөндөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда”.

Президент жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө умтулаарын айтканы менен, 2021-жыл Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кооптонууга жык толгон жыл болду. Өкмөт бюджетти толтуруу аракетинен улам ишкерлерге карата мамилени катаалдатты. Салык кодексинин жаңы редакциясы менен “Экономикадагы өзгөчө кырдаал режими жөнүндө” мыйзам кабыл алынуу алдында турат. Серепчилер укук коргоо жана фискалдык органдардын укуктары бир кыйла кеңейтилип, ишкерлерди текшерүүлөр көбөйгөнүн билдирүүдө.

Экономист Элдар Абакиров ишкерлерди текшерүү көбөйгөнүн, мындай басымга чыдабаган айрым ишканалардын иши токтоп калып жатканын билдирди.

“Ишкерлерден жапырт рейддер, текшерүүлөр жүрүп жатканын угуп атам. Бюджетти 280 миллиард, кийинки жылы 400 миллиард сомго көбөйтөбүз деген өкмөт жапырт текшерүүлөрдү жүргүзүп атыптыр. Текшерүүлөрдүн көбү бизнеске басым кылгандыктан, кээ бирлери жабылып калууда. Айрымдары чындыгында эле кыйналып жатышат. Көп текшерүүлөрдүн коррупциялык тобокелдиктери чоң болууда. Мунун баары экономикага терс таасирин тийгизүүдө”.

Министрлер кабинети өлкөдө адилеттүү башкаруу орноп, бизнестин жоопкерчилигин арттыруу жана көмүскөдөгү ишкерлерди ачыкка чыгаруу мезгили келди деп билдирген. Расмий маалыматтарга ылайык, кабыл алынып жаткан Салык кодекси ишкерлерге жаңы салык киргизбейт. Жылдык айлантуусу 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулат. Бирок, кассалык аппаратты жана электрондук эсеп-фактураны колдонуусу кажет.

Адистер экономика жаатындагы жаңы кабыл алынып жаткан кодекстер менен мыйзамдар ишкерлерге басымды күчөтөөрүн белгилейт. Эл аралык ишкер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мындай мамиле көмүскө алаканын өнүгүшүнө шарт түзөт дейт.

“Күч структураларынын, текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктарын күчөткөн сайын ачык-айкындыкка эмес, жемкордук тобокелчиликтерге, басым-кысымга же көмүскө карым-катышка алып барышы мүмкүн”.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев Салык кодексинин жаңы редакциясы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багытталганын айтууда.

“Негизги максат көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болгон. Анын административдик ыкмалар жана экономикалык стимул берүү өңдүү бир нече жолдору бар. Азыркы салык кодексинде көпчүлүк нормалар көмүскө экономиканы стимул берүү аркылуу ачыкка чыгаруу каралган”.

Ишкерлер капиталын чыгарып кетүүдө

Эл аралык ишкерлер кеңешинин маалыматында, 2020-жылы Кыргызстандан коңшу Казакстанга агылган ишканалардын саны 46% өскөнү айтылган. 2021-жылдагы көрүнүш тууралуу так маалымат жок.

14-декабрда Бишкекте өткөн тегерек столдо Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков “ушул жылдын ичинде көбү капиталын, бизнесин чет өлкөгө чыгарып кетишти жана чет жерге көчкөндөр да көп болду” деп билдирди. Сыдыковдун айтымында, чет элдик инвесторлор чет өлкөгө кетип, капиталын каалагандай чыгарып кете алат, алар үчүн рынок тандоо мүмкүнчүлүгү көп. Серепчи кийинки тенденциялар алардан айырмаланып, жергиликтүү ишкерлер да башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуп жатканын көрсөтөөрүн жана аларды өкмөттүн чечимдери чочутуп турганын айтат.

“Улам жаңы өкмөт, жаңы министрлер келген сайын, көп чечимдерге, уруксат кагаздарга кол коюлбайт, алдыга жылбайт. Жер тилкелери трансформация болбойт, берилбейт. Ушундай көп чечимдер калып калган. Ошондуктан ишкерлер дагы деле чыгымдарга учурап, өлкөгө келем деген ишкерлер кармалып турушат. Өлкөдө иш алып баргандарынын айрымдары капиталдарын чыгарып, бизнесин башка өлкөлөргө өткөрүп же токтотуп койгон”.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) сурамжылоосунда 2020-жылы COVID-19 пандемиясы башталгандан 2021-жылдын жай айларына чейин 10% ишканалар жабылууга дуушар болгон. Буга пандемиядан улам жаралган кыйынчылыктар түрткү берген. Ассоциациянын төрагасы Жоодар Омошевдин айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий туруксуздуктан улам айрым ишканалар чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болууда.

“Ооба, түшүнүп жатабыз. Өлкөбүздүн абалы ушул. Былтыр пандемия аз келгенсип, Октябрь окуялары, саясий олку-солкулуктар болуп кетти. Иши кылып сюрприздер көп болду. Кандай болгон күндө дагы өлкөбүз ушул жер, ушул жерде өнүгүп-өскүбүз келет. Тилекке каршы, өлкөбүз эми гана өзүнө келип жаткан кези. Бирок, ушуну күтпөй, кээ бир тааныш ишкерлер акчаларын толугу менен же бир бөлүгүн чет жердеги экономикасы туруктуу, ачык-айкын болгон, алдын ала божомол кыла ала турган өлкөлөргө чыгарып кетишти”.

Омошев сыртка чыгарылып жаткан капиталдын географиясы менен профилин мындайча мүнөздөйт.

“Алар негизинен Америкага, Польша, Украина, Латвия, Литва сыяктуу Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кетүүдө. Ал жакта айрым бизнестерди башкаруу системасы бизге бир аз жакыныраак жана кээ бир процедураларга өлкөсү лоялдуу караганы үчүн ошол жактарга чыкканга аракет кылууда. Алар көбүнчө эл аралык жүк ташуучу компаниялар, текстиль тармагы, чакан өндүрүш компаниялары жана соода компаниялары”.

Расмий маалыматтар көңүл жылытпайт

Расмий маалыматтарда жалпы жагдай жакшырып баратканы көрсөтүлгөнү менен, айрым кабатырга салуучу тенденциялар да бар. Улуттук статистика комитети 2021-жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келген түз инвестициянын көлөмү 26,4% өскөнүн (503 млн. доллардан ашуун) кабарлоодо. Бирок, менчик капиталга салынган инвестиция 2,6 эсе кыскарган.

2021-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандан 572 млн. 816 миң доллар чыгарылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,3% аз көрсөткүч. Келген инвестицияга караганда чыгып кеткен инвестиция 69,3 млн. долларга көп.

Деген менен 2021-жылдын тогуз айында менчик капиталдын чыгып кетүүсү 3,5 эсеге өскөн. Кайра инвестицияланган пайданын чыгып кетүүсү 17,5% көбөйгөн.

Макалада аты-жөнү кеп болгон же пикири келтирилгендер. Аскар Сыдыков, Гүлнара Ускенбаева, Бекболот Алиев, Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Данияр Амангелдиев, Нурлан Умтулов, Кубанычбек Ысабеков.

Чыгып кеткен түз инвестициянын 92% көбүрөөгү өндүрүшкө, геологиялык чалгындоого, дүң жана чекене соодага жана кен байлыктарды казууга туура келет. Өндүрүштөн чыгып кеткен инвестиция дээрлик 2,4 эсеге көбөйгөн.

Чет элге чыгып кеткен капиталдын географиясын карасак, Кыргызстандан Канадага кеткен каражат 27,7 эсе, Нидерландыга 9,7 эсе өскөн. Мындан тышкары, Кытайга, Түркияга жана Улуу Британияга да чыгып кетип жатат.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандан чет өлкөгө 443 млн. доллар которулган. Анын 96,3% же 426,9 млн. доллары Орусияга жөнөтүлгөн, былтыркы жылга караганда 11,05%га өскөн.

Бизнес-акыйкатчы институту быйыл ишкерлерден 120 арыз түшкөнүн билдирди. Бул 2020-жылга караганда 2 эсеге көп. Арыздардын басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүү секторунан (22%) жана өндүрүш тармагынан (17%) түшкөн. Арыздардын 65% Бишкек шаарына, 11% Чүй облусуна туура келет. Ишкерлердин 40% ашууну салыкка байланышкан маселелерге даттанышкан. Бажы кызматы менен укук коргоо органдарынын кысымы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча да көп кайрылышат. Мекеме акыркы алты айда мамлекеттик сатып алуулар боюнча кайрылгандар да көбөйгөнүн билдирет.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев ишкер чөйрөдөн кооптонгон коңгуроолор кагылып жатканын, ага карабай жаңы мыйзамдарда ишкерлердин пикири толук камтылбай калганын айтат.

“Биз жаңы кодекстер жана мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарыбызды берип жатабыз. Бирок сунуштарыбыз толук кабыл алынган жок, болжол менен 40% эле кабыл алынды. Жакында жаңы кодекстер күчүнө кирди. Аларды кабыл алып жатканда ишкерлер менен кеңири талкуу болгон жок”.

Ишкерлер эртеңкисине кабатыр

Серепчилер бир ооздон өлкөдөгү коомдук-саясий туруксуздук, шайлоолор, экономикадагы мыйзамдык демилгелер, мамлекеттик кадрлардын чабалдыгы жана соттордун адилетсиздиги ишкерлерди кабатырлантып жатканын белгилешет.

“Ишкерлерге багыттала турган экономикалык реформалар жана иш-чаралар жетишсиз болуп жатат. Тескерисинче, ишкерлерге коркунуч, тобокелдик жарата турган демилгелерди көп көрүп жатабыз. Бул Конституциялык реформадан, инвентаризациядан баштап кодекстерге чейин. Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык кодекси жана учурда каралып жаткан Салык кодекси көп ишкерлердин тынчсыздануусун жараткан. “Экономикада өзгөчө кырдаалды киргизүү” боюнча демилгенин да тобокелдиги көп болуп, кызуу талкууну жараткан”, - деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков.

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев ишкерлерге болгон басым 2018-жылы башталганын, анын инерциясы ушул кезге чейин уланып келатканын, жаңы бийлик кооптуу мыйзамдарды чыгарып жатканын белгилейт.

“Ишкерлердин активдерин сыртка чыгаруусунун эң жогорку чеги 2019-2020-жылга туура келди. Тилекке каршы, 2021-жыл ошол процессти токтото алган жок. Токтотуунун бир топ жолдору бар эле. Бирок дагы эле “ажыдаар” мыйзамдарды чыгарып жатышат. Садыр Жапаров “шайлоолор бүттү, 2022-жылдан баштап жалаң экономикалык тармакка көңүл бурабыз” деп сөз берип жатат. Ылайым эле ошондой болсун, кудайдан тилейбиз. Бирок азырынча эч кандай конкреттүү кадамдарды көрө албай турам”.

Ишкерлер 2022-жылга карай жакшы үмүт артып турганы менен божомолдоолору жакшы болбой жатканын айтышууда. Жаңы салык кодекси, “Экономикадагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” мыйзам, укук коргоо жана фискалдык органдардын ыйгарым укуктарынын күчөшү, текшерүүлөрдүн көбөйүшү сыяктуу жаңылыктардан улам алдыдагы жылды кооптонуу менен күтүп жатышат.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstandan-chygyp-ketken-kapitaldyn-agymy-koboydu/31617600.html