Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкы кардарларды коргоо негиздерин сактагандыгы үчүн Smart Campaign эл аралык тастыктамасын алды

1 июль 2017

Тейлөөнүн эң жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон Банкы финансылык тармакта эл аралык деңгээлде кабыл алынган социалдык-жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактайт. 2017 жылдын апрель айында Компаньон Банкы MicroFinanza Rating рейтинг агенттигинин көз карандысыз тактыкташтыруусун ийгиликтүү өттү. Бул дагы бир жолу Компаньон Банкынын Smart Campaign дүйнө жүзүндө пропагандалаган кардарларды коргоо негиздерин сактаганын ырастайт.

«Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо боюнча өзүнүн стратегиясын ишке ашырууну улантууда. Биз кардарларга кам көрүүгө өзгөчө көңүл бөлөбүз жана эл аралык жогорку баалоону алуу – биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү. Кардарлардын ишеними – биздин негизги жетишкендик. Азыркы убакта бүткүл Кыргызстан боюнча 96 миң кардарлар биз менен иштешет жана бизге ишенишет. Биз алардын ар бирөө менен өз ара ишеним, сый жана чындык негизинде өнөктөш мамилелерин курабыз», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.

Smart Campaign тастыктамасын алуу Компаньон Банкынын финансылык продуктыларды тиешелүү түрдө иштеп чыгып, сунуштоону, өтө карызкорлукту болтурбай коюуну, айкындуулукту, акылга сыярлык баа бычууну, кардарларга адилеттүү жана сый мамиле кылууну, кардарлардын маалыматтарын купуя сактоону жана арыздарды кароонун туура механизмдерин колдонууну сактагандыгын көрсөтөт.

Белгилей кетчү нерсе, Компаньон биринчи жолу Smart Campaign Тактыктамасын 2014 жылы алып, Кыргызстанда кардарларды коргоо негиздерин сактаган биринчи уюм болгон.

МААЛЫМАТ:

Smart Campaign – кардарларды коргоо негиздерин ишке ашырууга багытталган дүйнөлүк демилге. Smart Campaign бүткүл дүйнө боюнча микрокаржылоо лидерлерин айкындуулук, сый мамиле негизинде финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү интрументтер жана ресурстар менен камсыз кылат.

MicroFinanza Rating – 2000 жылы негизделген көз карандысыз эл аралык рейтинг агенттиги. Агенттиктин миссиясы – айкындуулукту жогорулатуу жана финансылык тармакта дүйнөдө эң жакшы практикаларды жайылтууга багытталган көз карандысыз, жогорку сапаттуу рейтингдери жана маалымат кызматтары менен камсыз кылуу.

Компаньон Банкы - 6,2 млрд сом активдери жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталы бар туруктуу Банк. Бүткүл өлкө боюнча 96 миңден көп кардарлары жана 111 бөлүмдөрү бар. Ырайымдуулук Корпусу (Mercy Corps) эл аралык бейөкмөт уюму, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.