О нас / СМИ о нас /
Сыдыков: бизнес-акыйкатчы институту түзүлсө экономикабыз жогоруламак

ИА Спутник
24 сентября 2018

РАДИО

19:54 24.09.2018(жаңыланган 21:45 24.09.2018)Кыскача шилтеме алуу

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ишкерлердин укуктары жетиштүү деңгээлде сакталбай келерин айтты.

Ишкерлерден бизге даттануулар көп келет. Анын сап башында салык төлөө боюнча көйгөйлөр турат. Бул тууралуу Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Сыдыков: бизнес-акыйкатчы институту түзүлсө экономикабыз жогоруламак

00:00 / 02:31

Анын айтымында, бизнес-акыйкатчы институту түзүлсө Кыргызстандын экономикасы жогоруламак.

"Ишкерлер бейтараптуулукту сактаган бизнес-акыйкатчы институтуна муктаж болуп турат. Тең салмактуу, эки жактуу сунуш берип турган бир орган керек болууда. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлсө биринчиден Кыргызстандын экономикасы жогоруламак, экинчиден жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, бизнес тармагы гүлдөп өнүкмөк", — деди Сыдыков.

Ал ишкерлерден салык төлөө боюнча даттануулар көп келип түшөрүн кошумчалады.

Дагы:https://sputnik.kg/Radio/20180924/1041251136/salyk-ishkerler-sydykov.html