Журналистика / Статьи участников Клуба /
Теңир-Тоодогу "Культур кафе"

Асел Молдоболотова
12 декабря 2018

Эң сонун, даамдуу табигый азыктардан таттуу токочторду жасашкан ушул татынакай төрт кыз өздөрүнүн иши жөнүндө бизге төмөндөгүлөрдү айтып беришти.

-Биздин окуу жайдын имаратында эч бир тамактануучу жер жок болучу. Мен өзүм ушул университеттин бүтүрүүчүсүмүн. Студент кезимде Нарындын кышкы суугунда ысык чай ичип, сабакка даярданып алчу жер болсо деп коп кыялданчумун.

Ошентип 2017-жылдын 14-сентябрында кыялдары жана максаттары төп келишкен төрт курбу кыз “КУЛЬТУР КАФЕ” деген ат менен университеттин жер төлөсүндөгү каралбай калган бөлмөнү ремонттоп, тамактануучу жай ачышкан. Бул долбоорду ишке ашырууга кеткен каражаттын жалпы суммасы 1950 долларды түзгөн.

Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Бирок, “карышкырдан корксоң токойго барба” демекчи, ишкерликти коркпой баштаган төрт курбу тоскоолдуктардын бардыгын жеңишкен.

Курбулар өздөрүнүн алдыдагы беш жылда аткара турган пландары тууралуу дагы ойлору менен бөлүшүштү: -“Культур кафени” өлкөнүн башка региондоруна дагы ачуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, тармак боюнча кесипкөй адис болуу, билимдүү балдар, демилгелүү жаштарды колдоо.

Атына заты жарашкан “Культур кафенин” дагы бир өзгөчөлүгү жаштардын чыгармачылык борборуна айланып бара жаткандыгында. Тактап айтканда, ар жуманын шаршемби күнү өз жөндөмдүүлүктөрүн, таланттарын чогулгандарга тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул күнү “Культур кафеге” келишкен жаштар ырдашат, бийлешет, ар кандай музыкалык аспаптарда ойношот жана белгилүү акын жазуучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окушат.

Теңир-Тоонун жигердүү жаштары жаңы дем, жаңы күч менен ушинтип ишкерликти баштап алгандыгы көңүл кубантарлык көрүнүш. Азыркы мезгилде кафеде он адам иштейт: алардын төртү 45-55 жаштагы (калктын аз камсыз болгон катмарынан) аялдар 10 миң сомдон айлык акы алып иштешет. Алты студент 6 миң сом айлык алып сабактан сырткаркы убактарда эмгектенишет (официанттар, бармендер).

Бул кафенин артыкчылыгы - жаштардын социалдык долбоору болуп саналат.

Алардын негизги максаттары: -Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүно өз салымын кошуу, экономикалык көз карандысыздыкка ээ болуу, идеяны ишке ашыруу менен аны капиталга айландыруу.

http://aary1.com/ekonomika/zagholovok_stat_i01