Журналистика / Статьи участников Клуба /
Жеңил өнөр жай экономиканы өргө жетелейт

Асел Молдоболотова
12 декабря 2018

Тигүү тармагы Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүп турган негизги таянычтардын бири катары саналат. Анткени, Кыргызстандан сыртка негизинен алтын, айыл-чарба продукциялары жана кийим-кече гана экспорттолот. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, өлкөбүздө тигүү тармагында 300 миңден ашуун адам эмгектенет. Акырындык менен түптөлүп келе жаткан тармакты мындан ары да өнүктүрүү үчүн Кыргыз өкмөтү ишкерлер менен биргеликте улам жаңы жолдорду издөөдө.

СССР учурунда өлкөбүздө жеңил өнөр жай тармагынын өнүгүүсүнө жакшы көңүл бөлүнгөндүгү айтылат.

Кыргызстан союздук мамлекеттердин ичинен кийим-кече менен өзүн-өзү камсыз кыла алган алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулган. Кыргыз ССРи өз фабрикаларында тигилип, экспорттолгон товарлардан жылына 50 миллион рубльга чейин киреше таап турган.

Ошону менен бирге эле тигүү тармагындагы жетектөөчү адистер, тактап айтканда мыкты кадрлар менен да дайыма толукталып, иштин алга жылуусу кесипкөй адистер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнгөн.

http://aary1.com/analitika/zhien_il_onor_zhai_ekonomikany_zhietielieit

Союздун жоюлушу менен Кыргыз мамлекетинде да башка постсоветтик өлкөлөр сыяктуу көптөгөн завод фабрикалар жабылып, таланып-тонолуп адам чыдагыс шартка такалды.

Мурда кийин мындай кескин бурулушту күтпөгөн кыргыз эли базар экономикасынын шартында өз багытын таба албай депрессиялык абалга кептелди.

Убакыттын өтүшү менен Кыргызстанда жеке менчик тигүү цехтерин түптөгөн ишкерлер пайда болуп, жүздөгөн адамдар жумуш орундары менен камсыз боло башташты.

2005-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан биринчи жолу кийим тигүү цехтерине патент системасы киргизилген. Мындан көп өтпөй, 2006-жылы бул тармакта иштеген кызматкерлердин Соцфонд төлөмдөрүн төлөө тууралуу мыйзам кабыл алынган. Кыргыз өкмөтүнүн тигүү өнөр жайын ачыкка чыгарууну шарттаган токтомго ылайык, тигүү тармагындагы ишкерлер төлөөчү салыктын түрлөрү азайтылган жана бир топ жөнөкөйлөтүлгөн.

Өлкөбүздө тигилген кийим-кечектер жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде өз орундарын таап, суроо-талап күчөп, натыйжада бул тармакта жасалган иш алга жыла баштады.

Учурда Кыргызстанда тигилип, даярдалган кийимдердин 90 пайыздан ашыгы чет мамлекеттерге экспорттолууда.

2017-жылы алты млрд сомдук жеңил өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу 111 пайызга өскөн.

Баса белгилеп айтып кетүүчү жагдай, Кыргызстандык тигүүчүлөрүнүн колунан чыккан кийим-кечелер каны жерге тама электе сатылып кетет.

Айрыкча аялдардын блузкасы өзгөчө бааланат. Атап өтсөк, 2018-жылдын 9 айында 74 миллион сомго жалаң аялдардын блузкалары сатылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 60 пайызга көп.

Россиялыктардын сатып алуу көлөмү эки эсеге жогорулаган. Ошондой эле эркектердин көйнөгүн россиялыктар менен катар казакстандыктар да мурдагыдан эки эсе көп сатып алышкан.

Кыргызстанда тигүү тармагы өлкө экономикасын өнүктүрүүдө орду чоң экендигин эске алып, бул багытта экспортту көбөйтүүнү жогорулатуу талабы коюлууда.

Ошондуктан, мамлекет тарабынан тигүү тармагында иш алып баргандарга жеңилдиктерди берүү менен гана чектелбестен, эң негизги кадр маселесинин туура жолго коюлушуна өбөлгө түзүүсү зарыл.

Катардагы тигүүчүдөн тарта, технолог, конструктор, өндүрүштү башкарган менеджерлерге чейин билимдуу адистерди даярдап, сатуучулар чет элдик кардарлар менен тиешелүү деңгээлде сүйлөшүп, иш алып бара алган мыкты кесипкөй менеджерлер менен толукталышы керек.

Европадагы кардарлар менен англисче сүйлөшүп, маселени жеринде чече билген кадрларды даярдоо зарылчылыгы мезгил талабы.