Журналистика / Статьи участников Клуба /
Эмне үчүн Кыргызстанга инвесторлордун келиши солгун?

Сайпидин Султаналиев
12 декабря 2018

Сөздүн чыны өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери биринен сала бири алмашкан жыйырма алты премьер-министрдин ар кимиси инвесторлорду тартууну, экономиканы өнүктүрүүнү, жумуш орундар менен камсыз кылууну өз программаларына кошуп, укмуштуудай убадаларды беришкен. Инвесторлорду тартып, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, завод-фабрика куруу жана жергиликтүү өндүрүмдү экспортко чыгаруу максатын көздөөрүн пландашкан.

Анда эмне үчүн инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү солгун деген мыйзам ченемдүү суроо туулат?

Чындыгында инвесторлордун келиши түшүнгөн кишиге абдан маанилүү маселе. Керек болсо, өнүккөн мамлекеттер дагы инвесторлорду тартуу далалаттарын жасашат. Алардын бизден артыкчылыгы келген инвесторду керектүү документтердин даяр пакети күтүп турат. Ал жакта биздегидей болуп көрүнгөн аткаминер менен сүйлөшүп, ар кайсы кабинеттин эшигин сагалап “куругу менен суулугун берейин” деп жалдырап олтурбайт. Тескерисинче инвестор келгенде баары даяр. Керектүү документтерди жергиликтүү бийлик өзү даярдайт. Жалпак тил менен айтканда инвестордун мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө шарт түзүп берет.

А, бизде өнүккөн өлкөлөр колдонгон ийгиликтүү системалар эмнеге иштебейт?

Анткени аткаминерлердин аң-сезиминде дале болсо авторитардык системага болгон "сүйүү" бар. Алар үчүн бул пайдалуу, өз чөнтөктөрү кампаят. Келген инвесторго биздин кээ бир чиновниктерибиз өздөрүнүн “чоң” экендигин далилдегиси келет. Маанилүү ролду ушул адам гана чече турганын билдирет. Инвесторду кабыл алып, үйрөнмөк тургай, аны жаман көргөзгөн күчтөрдүн таасири үстөмдүк кылат. Тактап айтканда бизде бюрократизм өнүгүп, чегине жеткен. Ишкерлер үчүн мыйзамдар республикада абдан ыңгайлуу. Сырттан келген ири инвесторлор да кагаз жүзүндө мыйзамдар менен таанышканда кызыгышат, бирок аны аткарууга келгенде эле такыр башка көрүнүш. Ири инвестиция алып келип жаткан инвесторду бюрократиялык мамилелерибиз менен эле чочутуп, качырып жатабыз.

Келген инвесторду татыктуу тосуп, анын коопсуздугун камсыз кылуу колдон келбейт. Колдон келген күндө дагы аны аткаргысы келишпейт.

Андан сырткары дагы бир себеп, бийлик менен кошо өзүбүздүн жергиликтүү эл да күнөөлүү. Кээ бир “сасясатчыларыбыздын сөздөрүнө ишенип карапайым калкыбыз алдына аялзатын салып алышып митингке чыгышат. Инвесторлор берген миллиондаган жардамды бат эле унутуп, жол тосуп же болбосо ичине кирип барып, завод-фабрикаларды талкалап, өрттөп жиберишет. Жумурай-журтубуз Тоо-кен тармагында: Макмалда, Ала-Букада, Чаткалда болгон чырлуу жаман көрүнүштөргө күбө болду.

Ошондуктан элибиз ушуну туура түшүнүп, инвесторлордун салымын Кыргызстанга же өз айылына келип жаткан пайда катары мамиле кылса, инвесторлор үчүн климат жакшы жакка өзгөрмөк.

Ошондой мамлекет тарабынан дагы олуттуу көңүл бөлүнүп, алар үчүн мыкты шарт, ишти алып кетүүсүнө өбөлгө түзүп берүү зарыл. Өз күчүбүз менен тургуза албаган миллиондогон долларлар жумшалчу өндүрүштү инвенсторлордун жардамы менен куруп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот элек...

http://aary1.com/новости/emnie_uchun_kyrghyzstanda_inviestorlordun_kielishi_solghun_