Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Эл аралык ишкерлер кеңеши кыргыз өкмөтү менен чогуу иштешүүгө даяр

Barometr
12 май 2020

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда азыр чогуу-чаран келип чыккан маселелерди чогуу чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ал жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөндүгүн белгиледи.

«Мындай жолугушуулар абдан маанилүү, анткени бизнеске жана жалпы эле коомчулукка үмүт берип, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карата ишенимди жогорулатат. Эгерде мындай жолугушуулар өткөрүлсө албетте, ишенимди жаратат, анткени бизнеске өз сунуштарын айтууга жана жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле экономиканы калыбына келтирүү гана эмес, андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү да каралганын белгиледи.

"Учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин, биз ыңгайлуу шарттарды түзүп, ашыкча административдик тоскоолдуктарды алып салууга, бизнес үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр болушубуз керек. Биз Өкмөткө потенциалдуу инвесторлор жана ошондой эле өлкөдөгү иштеп жаткан ири инвесторлор менен максаттуу иштерди жүргүзүүнү сунуштадык. Карантин мезгилинде чече турган көптөгөн маселелер чыгат. Эгерде мындай маселелер өз убагында чечилип турса, ири ишканалар ишин улантып, салыктарды төлөп турат», — деп кошумчалады Сыдыков.

Ал белгилегендей, жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши, бизнес-ассоциация катары кризистик кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүүгө, бизнес-коомчулукка абалды түшүндүрүүгө жана өкмөт менен конструктивдүү иштөөгө даяр экендиги билдирилди.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү аамлекет башчысы менен 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

https://barometr.kg/askar-sydykov-azyr-baarybyz-birigip-kelip-chykkan-maselelerdi-choguu-chechishibiz-kerek