ЭИК комитеттери
Диалог, эксперттик талкуу жана кызматташуу үчүн тармактык аянтчалар
ЭИК комитеттеринин максаты
ЭИК комитеттери — мүчөлөрдүн кызыккан багыттары боюнча позицияларын координациялоо, мыйзам долбоорлорун талкуулоо, мамлекеттик органдар менен диалог түзүү, ошондой эле МДС мүчөлөрү жана өнөктөштөрү арасында тажрыйба алмашуу үчүн негизги аянтча.
ЭИК мүчөсүнүн каалаган өкүлү кызыккан ЭИК комитетинин ишине катыша алат. Комитеттердин иш регламентинин ийкемдүүлүгү маселелерди ыкчам талкуулоого жана чечимдерди сырттан (электрондук почта аркылуу) кабыл алууга, зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга мүмкүндүк берет.
Биз комитеттердин иш чөйрөсүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн экономикасындагы жана ишкердик турмушундагы өзгөрүп жаткан күн тартибине жооп берүүгө дайыма аракет кылабыз.
Төмөндө комитеттерибиз жөнүндө кыскача маалымат гана берилген. Тигил же бул комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу толук маалыматты комитеттин жыйындарынан же МДС кеңсесине кайрылуу аркылуу ала аласыз.
Өлкөдөгү эң ири эл аралык бизнес-ассоциация
Ата мекендик жана чет өлкөлүк капиталы бар 140тан ашуун компанияларды жана уюмдарды бириктирет