ЭИК жаңылыктары

ЭИК британ бизнесине Кыргызстандын тоо-кен тармагынын инвестициялык потенциалын тааныштырды

2026-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында Улуу Британиянын тоо-кен, инженердик жана консалтинг компанияларынын өкүлдөрү менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ортосунда ишкердик жолугушуу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилиги тарабынан уюштурулду.

Жарыяланган датасы: 14 Сентябрь 2026
ЭИК британ бизнесине Кыргызстандын тоо-кен тармагынын инвестициялык потенциалын тааныштырды

Жолугушууга геологиялык чалгындоо, минералдык чийки заттарды кайра иштетүү, калдыктар сактоочу жайларды жана суу ресурстарын башкаруу, геотехникалык изилдөөлөр, экологиялык коопсуздук жана тоо-кен жабдууларын жеткирүү тармактарында иш алып барган компаниялар катышты. Катышуучулар заманбап технологияларды жана тармактык чечимдерди тааныштырып, аларды Кыргызстандын тоо-кен секторунда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана мындан аркы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.Ишкердик программанын алкагында Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Даниел Маниязов Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жана тоо-кен тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу презентация жасады.Презентацияда өлкөнүн минералдык-чийки зат базасы, иштеп жаткан кендер, лицензиялоо системасы, инвестициялардын динамикасы, ошондой эле критикалык минералдар тармагынын өнүгүшү боюнча маалыматтар берилди. Узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу жана тармакта жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарга өзгөчө көңүл бурулду.Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанда пайдалуу кендердин 51 түрүнүн запастарын камтыган 1 020 кен эсепке алынган. 2026-жылдын 28-августуна карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын бирдиктүү электрондук реестринде 1 975 колдонуудагы лицензия катталган.Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы экономикалык ишмердүүлүктүн «Пайдалуу кендерди казып алуу» түрү боюнча түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 246,3 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдагы 109,7 млн АКШ долларына салыштырмалуу өскөн. Ошентип, инвестициялардын көлөмү болжол менен 2,2 эсеге көбөйгөн, бул сектордогу инвестициялык активдүүлүктүн олуттуу өсүшүн көрсөтөт.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын критикалык минералдар тармагын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасына өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттагы инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр кен казуу менен гана чектелбестен, геологиялык чалгындоону, лабораториялык изилдөөлөрдү, кайра иштетүү технологияларын, жабдууларды жеткирүүнү, энергетиканы жана логистиканы да камтыйт.Ошол эле учурда өлкөнүн олуттуу геологиялык потенциалын туруктуу инвестициялык долбоорлорго айландыруу үчүн жөнгө салуунун алдын ала болжолдонушу, ачык-айкын лицензиялоо жол-жоболору, заманбап инфраструктура жана жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу маанилүү.Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын, Кыргызстандын тоо-кен секторунда заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективаларын талкуулашты.