ЭИК бизнес-эртең мененки жолугушуусунда Кыргызстан, ЕБ өлкөлөрү жана Швейцария ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды
2026-жылдын 25-ноябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Европа бирлигинин, Германиянын, Франциянын, Венгриянын жана Швейцариянын дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү менен бизнес-эртең мененки жолугушуу өткөрдү. Катышуучулар экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, сооданы кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргызстанда туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон ишкердик чөйрөнү калыптандыруу маселелерин талкуулашты.
2026-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭДС) Кыргызстандын Европа бирлигинин өлкөлөрү жана Швейцария менен соода жана инвестициялык байланыштарын өнүктүрүүгө арналган бизнес-эртең мененки жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга банк жана камсыздандыруу секторлорунун, фондулук рыноктун, тоо-кен өнөр жайынын, туризмдин, фармацевтиканын, консалтингдин, авиациянын жана логистиканын өкүлдөрү, ошондой эле өндүрүш жана импорт менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулоого Европа бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло, Германиянын Элчиси Моника Ленхард, Франциянын Элчиси Николя Фай, Венгриянын Элчилигинин иштер боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букаи жана Швейцариянын Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Андрес Мюллер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар жана бизнес өкүлдөрү кызматташтыктын келечектүү багыттары, сооданы кеңейтүү жана Кыргызстанга узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн зарыл болгон шарттар тууралуу пикир алышты.
Экономикалык кызматташтыктын масштабы тууралуу сөз кылып, Реми Дюфло Европа бирлиги Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи. Анын айтымында, учурда ЕБ Кыргыз Республикасында ишке ашырып жаткан долбоорлордун жалпы наркы 200 млн еврону түзөт.
Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү европалык бизнестин кыргызстандык компаниялар менен энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары, ошондой эле жашыл экономиканын башка багыттары боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин белгилешти. Келечектүү тармактар катары айыл чарба, туризм, логистика, жарандык авиация, маалыматтык технологиялар, саламаттык сактоо жана билим берүү да белгиленди.
Кыргызстан менен Германиянын иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Германиянын Элчиси Моника Ленхард немис иш берүүчүлөрү Кыргызстандан адистерди тартууга кызыкдар экендигин белгиледи. Анын айтымында, Германиядагы демографиялык тенденциялар жана Кыргызстандын жаш калкынын жогорку потенциалы бул чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов Кыргызстанда катталган жана иш алып барган компаниялар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Фонд өзүн-өзү актаган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды берет. Колдонуудагы каржылоо механизмдеринин алкагында насыянын суммасы 5 млн АКШ долларына, ал эми насыялоо мөөнөтү 10 жылга чейин жетиши мүмкүн. Фонддун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири — кыргызстандык жана венгриялык компанияларга бизнес өнөктөштөрдү табууда көмөк көрсөтүү.
Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Талкуунун жүрүшүндө узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуунун жана эл аралык экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири катары туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон ишкердик чөйрөнү калыптандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Мыйзамдарды өркүндөтүүгө, укуктук аныктуулукту камсыз кылууга жана инвестицияларды коргоону күчөтүүгө, институттарды бекемдөөгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эл аралык ишкерлер кеңеши дипломатиялык миссиялар, эл аралык институттар жана ишкерлер бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө аркылуу Кыргызстандын Европа бирлигинин өлкөлөрү, Швейцария жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын өнүктүрүү боюнча ишин улантат. Кыргызстандын компанияларынын жаңы рынокторго чыгуусуна көмөк көрсөтүү, инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын ишкердик жана инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган демилгелерди илгерилетүү бул иштин артыкчылыктуу багыттары бойдон калат.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести санариптик трансформациялоо маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү
19-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Schneider Group жана Кыргыз Республикасынын Жо…
ЭИК жана Global ESG Partnership уюмдарынын окутуу сессиясында ESG боюнча практикалык инструменттер талкууланды
Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Global ESG Partnership уюму менен биргеликте, швейцариялы…
ЭИК жана Финкөзөмөл кызматы КРнын финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
4-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана ме…
ЭДС Dubai Chambers менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
ЭИКтин башчысы Аскар Сыдыков Dubai International Chamber уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Евраз…