ЭИК жаңылыктары

ЭДС Dubai Chambers менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

ЭИКтин башчысы Аскар Сыдыков Dubai International Chamber уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Евразия боюнча аймактык директору Абдулла Бакер менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, бизнес-делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу, ошондой эле стартаптарды жана инновациялык ишкердикти колдоо жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жарыяланган датасы: 3 Ноябрь 2026
ЭДС Dubai Chambers менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков Dubai International Chamber уюмунун Эл аралык өкүлчүлүктөр департаментинин Жакынкы Чыгыш жана Евразия боюнча аймактык директору Абдулла Бакер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү, бизнес-делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү, ошондой эле стартаптарды жана инновациялык ишкердикти колдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, компанияларга потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга жана жаңы рынокторго чыгууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Dubai Chambers эл аралык соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, ошондой эле Дубайдагы компаниялардын эл аралык рынокторго чыгуусуна колдоо көрсөтүү менен алектенет. Эл аралык өкүлчүлүктөр тармагы аркылуу палата ишкердик байланыштарды түзүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө, бизнес-миссияларды уюштурууга жана ар кайсы өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Дубайдын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 25 Ноябрь 2026

ЭИК бизнес-эртең мененки жолугушуусунда Кыргызстан, ЕБ өлкөлөрү жана Швейцария ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды

2026-жылдын 25-ноябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Европа бирлигинин, Германиянын, Франци…

ЭИК жаңылыктары 19 Ноябрь 2026

ЭИК Кыргызстанда бизнести санариптик трансформациялоо маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү

19-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Schneider Group жана Кыргыз Республикасынын Жо…

ЭИК жаңылыктары 17 Ноябрь 2026

ЭИК жана Global ESG Partnership уюмдарынын окутуу сессиясында ESG боюнча практикалык инструменттер талкууланды

Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Global ESG Partnership уюму менен биргеликте, швейцариялы…

ЭИК жаңылыктары 4 Ноябрь 2026

ЭИК жана Финкөзөмөл кызматы КРнын финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

4-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана ме…