ЭИК жана Финкөзөмөл кызматы КРнын финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
4-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана мекеменин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар банктык эмес финансы секторун жөнгө салуу, камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, санариптештирүү, инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгү жана бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Мамлекеттик-жеке диалогду чыңдоого жана финансы рыногун натыйжалуу жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулду.
4-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) мүчөлөрү Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана мекеменин өкүлдөрү менен Кыргызстандын банктык эмес финансы секторун өнүктүрүүнүн жана жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле бизнес туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.
КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана мекеменин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтын ишмердүүлүгү жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, бизнес өкүлдөрүн финансы рыногун жөнгө салуунун чет өлкөлүк тажрыйбасы менен тааныштырышты.
Финкөзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, учурда КРнын банктык эмес финансы рыногунда 1155 юридикалык жана жеке жак иш жүргүзүп, аларга ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча 1240тан ашык лицензия, каттоо жана сертификат берилген. Ошол эле учурда финансылык ресурстар тартылып, инвестициялык капитал кайра бөлүштүрүлүүчү баштапкы рыноктогу биржалык бүтүмдөрдүн көлөмү 115 715,7 млн сомду түзгөн (биржалык сооданын жалпы көлөмүнүн 95,36%ы).
Жолугушуунун катышуучулары камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде активдерди инвестициялоонун кошумча инструменттерин түзүү, актуарийлерди даярдоо жана сектор үчүн туруктуу жөнгө салуучу шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын талкуулашты.Ошондой эле санариптештирүү жана баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, Кыргыз фондулук биржасынын ишмердүүлүгү, кызыктыруучу лотереяларды укуктук жөнгө салуу жана өткөрүү маселелери каралды.
Катышуучулар Финкөзөмөл кызматы менен тыгыз кызматташуу бизнес-коомчулугуна финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүү боюнча иштерди натыйжалуураак жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деген тыянакка келишти. Ошондой эле «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагындагы резиденттердин иштөө шарттары жана өзгөчө макамы, аудиторлорду сертификаттоонун өзгөчөлүктөрү, Кыргызстанда инвестициялык жана венчурдук фонддордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү келечеги каралды.
ЭИК жөнгө салуучу органдын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын, ошондой эле анын материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жактан тийиштүү камсыздалышын, анын ичинде штаттык санын жана эмгек акы фондун көбөйтүүнү камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуу ЭИКтин мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча ишинин алкагында өттү. Мындай формат рыноктун катышуучуларына мыйзамдарды иш жүзүндө колдонуу маселелерин жөнгө салуучу орган менен түздөн-түз талкуулоого жана бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Эске салсак, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы банктык эмес финансы рыногун, анын ичинде баалуу кагаздар жана виртуалдык активдер рынокторун, камсыздандыруу компанияларын, топтолмо пенсиялык фонддорду, аудитордук уюмдарды, ломбарддарды, казинолорду жана башка катышуучуларды мамлекеттик жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
Өлкөдө банктык эмес финансы секторун өнүктүрүү жана жөнгө салуу финансы системасын диверсификациялоого, инвесторлордун жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, лицензиясы жок жана алдамчылык мүнөздөгү инвестициялык долбоорлордун ишмердүүлүгүнүн алдын алууга, акырында Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңылыктар
ЭДС Dubai Chambers менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
ЭИКтин башчысы Аскар Сыдыков Dubai International Chamber уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Евраз…
ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү
2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…
ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты
6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…