ЭИК жана Global ESG Partnership уюмдарынын окутуу сессиясында ESG боюнча практикалык инструменттер талкууланды
Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Global ESG Partnership уюму менен биргеликте, швейцариялык PeaceNexus фондунун колдоосу астында ESG жана бизнестин туруктуу өнүгүүсү боюнча биринчи онлайн сессияны өткөрдү. ЭИКке мүчө 30 компаниянын өкүлдөрү ESG ыкмаларын киргизүүнүн практикалык инструменттерин, жашыл каржылоону, тобокелдиктерди башкарууну жана финансылык эмес отчеттуулукту даярдоону талкуулашты.
2026-жылдын 17-ноябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Global ESG Partnership (Казакстан Республикасы) менен биргеликте ESG жана бизнестин туруктуу өнүгүүсү боюнча практикалык иш-чаралардын алкагындагы биринчи онлайн сессияны өткөрдү. Окутууга банк жана камсыздандыруу секторлорун, тоо-кен жана тамак-аш өнөр жайын, консалтинг кызматтарын кошкондо, экономиканын ар түрдүү тармактарында иш алып барган ЭИКке мүчө 30 компаниянын өкүлдөрү катышты.
Окутуу иш-чараларынын сериясы швейцариялык PeaceNexus фондунун колдоосу менен ЭИКтин жана Global ESG Partnership уюмунун биргелешкен демилгесинин алкагында уюштурулду. Бул демилге ЭИКтин алдында ESG-компетенциялар борборун өнүктүрүүгө, бизнес коомчулугунун туруктуу өнүгүү принциптери боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана компаниялардын ишмердүүлүгүнө ESG ыкмаларын киргизүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
Биринчи сессиянын жүрүшүндө Global ESG Partnership уюмунун эксперттери Кыргызстанда ESG багытын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, туруктуу өнүгүү, жашыл каржылоо жана корпоративдик башкаруу жаатындагы эл аралык тенденцияларды, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгүнө ESG принциптерин киргизүүнүн практикалык жолдорун карашты.
Global ESG Partnership уюмунун негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Айдар Казыбаев Кыргызстанда жашыл экономиканы жана ESG багытын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди. Анын баяндамасында эл аралык климаттык демилгелер, жашыл облигацияларды чыгаруу жана экономиканын ар түрдүү тармактарында ESG тажрыйбаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү камтылды.
Эксперттер Сауле Агибаева жана Ольга Глушковская катышуучуларды компаниялардын ичиндеги ESG процесстерин уюштуруунун практикалык инструменттери менен тааныштырышты. Алар ички документтерди иштеп чыгуу, жоопкерчиликти бөлүштүрүү, ESG маалыматтарын чогултуу жана талдоо, финансылык эмес отчеттуулукту даярдоо, ошондой эле ESG долбоорлорун башкаруу үчүн санариптик инструменттерди колдонуу маселелерине токтолушту.
ESG факторлорун эске алуу менен каржылоону жана инвестицияларды тартуу, эл аралык өнөктөштөрдүн жана ири заказчылардын талаптары, ESG тобокелдиктерин башкаруу жана бизнестин 2027-жылга карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар ошондой эле практикалык мисалдарды жана ЭИКке мүчө компаниялардын ESG диагностикасынын жыйынтыктарын карап чыгышты.
Мындай иш-чаралар ЭИКке мүчө компанияларга алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ESG ыкмаларын үйрөнүүдө жана колдонууда практикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Алынган билимдер ишканаларга иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого, ички процесстерди өркүндөтүүгө жана инвесторлордун, финансылык институттардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн талаптарына даярданууга жардам берет.
Кийинки онлайн сессия 2026-жылдын 18-декабрында саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Андан ары Бишкек шаарында ESG боюнча офлайн тренинг өткөрүү пландалууда. Анын датасы жана өтүүчү жери кошумча жарыяланат.
Эки онлайн сессияга жана офлайн тренингге катышып, окуу программасын аяктаган катышуучуларга окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар берилет.
ЭИК Global ESG Partnership уюмуна биргелешкен демилгени ишке ашыруудагы кызматташтыгы үчүн, PeaceNexus фондуна колдоосу үчүн, ошондой эле ЭИКке мүчө компанияларга активдүү катышкандыгы жана ESG тажрыйбаларын өнүктүрүүгө кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирет.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести санариптик трансформациялоо маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү
19-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) Schneider Group жана Кыргыз Республикасынын Жо…
ЭИК жана Финкөзөмөл кызматы КРнын финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
4-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши Финкөзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жана ме…
ЭДС Dubai Chambers менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
ЭИКтин башчысы Аскар Сыдыков Dubai International Chamber уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Евраз…
ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү
2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…