ЭИК жаңылыктары

ЭИК энергетика жана мамлекеттик карыз маселелери боюнча Манила диалогуна катышты

Эл аралык ишкерлер кеңеши Азия өнүктүрүү банкы уюштурган иш-чаранын алкагында энергетика тармагына узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн зарыл болгон шарттар боюнча Кыргызстандын жеке секторунун көз карашын тааныштырды.

Жарыяланган датасы: 8 Сентябрь 2026
ЭИК энергетика жана мамлекеттик карыз маселелери боюнча Манила диалогуна катышты

2026-жылдын 31-августунан 4-сентябрына чейин Филиппиндин Манила шаарында энергетика менен мамлекеттик карыздын өз ара байланышы боюнча Манила диалогу өттү.Программанын алкагында ЭИКтин аткаруучу директорунун орун басары Чолпон Джолдошева «Энергетикалык инвестициялар жана узак мөөнөттүү тобокелдиктер» аттуу презентация менен чыгып, энергетика тармагына узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн негизги шарттар боюнча бизнестин позициясын сунуштады.Баяндамада ачык-айкындуулук, атаандаштык, жөнгө салуунун алдын ала болжолдонушу, долбоорлорду каржылоо жана тартылып жаткан капиталдын сапаты маселелери камтылды. Негизги басым өлкөдө узак мөөнөт иштөөгө даяр инвесторлор үчүн түшүнүктүү жана туруктуу шарттардын маанилүүлүгүнө жасалды.

«ЭИКтин Манила диалогуна катышуусу Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун позициясын эл аралык талкууда көрсөтүүгө жана мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Бизнес үчүн инвестициялардын көлөмү гана эмес, өлкөгө келип жаткан капиталдын сапаты да маанилүү. Эрежелер канчалык түшүнүктүү жана алдын ала болжолдонгон болсо, туруктуу жана жоопкерчиликтүү инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот», — деп билдирди Чолпон Джолдошева.

Беш күндүк иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык каржы институттарынын, эксперттик коомчулуктун жана жеке сектордун өкүлдөрүн бириктирди. Ага Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын делегациялары, ошондой эле Азиянын жана башка аймактардын ар түрдүү өлкөлөрүнүн тажрыйбасын сунуштаган эл аралык эксперттер жана адистер катышты.Алгачкы төрт күндүн ичинде катышуучулар фискалдык тобокелдиктерди башкаруунун эл аралык ыкмаларын, электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишимдер боюнча маалыматты ачыкка чыгаруу маселелерин, жөнгө салуу, атаандаштык, көзөмөл жана тобокелдиктерди бөлүштүрүү темаларын карашты. Айрым сессиялар Филиппин, Гана, Грузия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн эл аралык практикасына жана тажрыйбасына арналды.Жыйынтыктоочу күн жогорку деңгээлдеги Манила диалогуна арналды. Анын алкагында энергетика, мамлекеттик карыз жана фискалдык тобокелдиктердин өз ара байланышы, ошондой эле ачык-айкындуулукту жогорулатуу, жөнгө салууну өркүндөтүү жана мындан аркы реформаларды жүргүзүү боюнча практикалык ыкмалар талкууланды. Жыйынтыгында катышуучу өлкөлөр үчүн мүмкүн болгон кийинки кадамдар белгиленди.


Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 12 Октябрь 2026

ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү

2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…

ЭИК жаңылыктары 6 Октябрь 2026

ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты

6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…