ЭИК жаңылыктары

ЭИК Кыргызстан менен Грузиянын ишкердик кызматташтыгын кеңейтүүдө

Грузияга болгон иш сапардын алкагында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) делегациясы тажрыйба алмашууга, эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө жана соода, инвестициялар жана ишкердик чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жарыяланган датасы: 4 Сентябрь 2026
ЭИК Кыргызстан менен Грузиянын ишкердик кызматташтыгын кеңейтүүдө

Жолугушуулар Грузиянын Экономикалык өнүктүрүү корпорациясы (GEDC), Соода-өнөр жай палатасы (GCCI), Европалык бизнес-ассоциациясы (EBA Georgia), ЕБ–Грузия Ишкерлер кеңеши (EUGBC), Грузиядагы Америкалык соода палатасы (AmCham Georgia), Credence Consulting консалтинг компаниясы жана Грузиянын Туризм ассоциациясы (GTA) менен өткөрүлдү.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бизнес-ассоциациялардын иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү жана ишкердик бирикмелердин институционалдык потенциалын чыңдоо маселелерин талкуулашты, ошондой эле инвестицияларды тартуунун практикалык механизмдерин карап чыгышты.Негизги көңүл эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, өз ара инвестицияларды тартууга жана Кыргызстан менен Грузиянын компанияларынын ортосунда түз байланыштарды кеңейтүүгө бурулду. Тараптар бизнес-миссияларды жана B2B-жолугушууларды уюштуруу, өз ара маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн рынокторуна чыгууга кызыкдар компанияларга көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулашты.Мындай кызматташтыктын олуттуу потенциалы өз ара сооданын учурдагы көрсөткүчтөрү менен тастыкталат. Грузиянын Улуттук статистика кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы товар жүгүртүү 1,4 млрд АКШ долларынан ашкан, ал эми Кыргызстан Грузиянын эң ири экспорттук рыногу болуп калды. Ошол эле учурда өз ара жеткирүүлөрдү мындан ары кеңейтүү жана диверсификациялоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр сакталып калууда.Соода күн тартибин улантуу менен тараптар товарларды Грузиянын Кара деңиз порттору аркылуу ташуу, Орто коридорду өнүктүрүү жана Европа Биримдигинин рыногуна чыгуу үчүн GSP+ преференциялык режимин колдонуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Black Sea Platform демилгесине бурулду. Бул демилге Кара деңиз аймагында маалымат алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнес, порттор, логистикалык компаниялар, эксперттик коомчулук жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирет.Соода жана логистика менен катар тараптар жеке секторду колдоо жана каржылоо инструменттерин карашты. Экономикалык өнүктүрүү корпорациясынын альтернативдүү каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратты. Капитал рыногун колдоо программасынын алкагында 14 компаниянын 22 облигация чыгарылышы аркылуу 1 млрд лариден ашык, башкача айтканда болжол менен 380 млн АКШ доллары тартылган.Иш сапардын жыйынтыгында Грузиянын алдыңкы бизнес-бирикмелери жана өнүктүрүү институттары менен түз жумушчу байланыштар түзүлүп, мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталды жана маалымат алмашуу менен биргелешкен демилгелерди колдоо боюнча макулдашууларга жетишилди. ЭИК ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара соодага жана инвестицияларга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуусун чыңдоо боюнча ишин улантат.Иш сапар “Europe and Eurasia Regional: Advancing Economic Freedom and Resilience” регионалдык долбоорунун алкагында уюштурулду. Эл аралык ишкерлер кеңеши регионалдык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Center for International Private Enterprise (CIPE) уюмуна ыраазычылык билдирет.