Компаньон Финансылык Уюму Ноокат районунда онунчу Алма фестивалын өткөрөт
Компаньон Финансылык Уюму он жыл бою адатка келтирилген Алма фестивалын өткөрөт. Бул жылы фестиваль 10-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Котормо айылында өткөрүлөт.
Компаньон Финансылык Уюму он жыл бою адатка келтирилген Алма фестивалын өткөрөт. Бул жылы фестиваль 10-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Котормо айылында өткөрүлөт.
Алма фестивалынын максаты - багбанчылык боюнча айылдын экономикалык потенциалын бекемдөөчү базар байланыштарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү; ошондой эле илимий жана этно-экологиялык ыкмага негизделген багбанчылык боюнча тажрыйба алмашуу.
Фестивал багбандарга өндүрүмдөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле кайра иштетүүчүлөр жана сатып алуучулар менен өнөктөштүк түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Быйыл иш-чарада дыйкандар 1,5 тонн алманын 20дан ашык сортун көрсөтүшөт. Райондун тургундары болсо эң мыкты костюм жана мөмө-жемиштен жасалган эң оригиналдуу тамак үчүн сынакка катышышат, ал эми бала бакча жана мектеп окуучулары концерттик программа менен чыгышат.
Фестивалдын программасында кызыктуу викториналар, алма азыктарын дегустациясы болот. Калоочулар Компаньондун агрономдорунан менен ветеринарларынан багбанчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык боюнча акысыз кеңештерин алса болот.
Ошондой эле онунчу Алма фестивалынын алкагында тегерек столу өтөт. Тегерек столго Айыл чарба департаментинин, мөмө-жемиш питомниктердин жана биолаборатория өкүлдөрү, багбанчылар катышып, региондо багбанчылыктын өнүгүшүн талкуулашат.
Бул жылы иш-чарага 1000дей адамдын катышуусу күтүлөт.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…