Жети-Ɵгүз районунун жаш ишкерлери, коомчулуктун ɵкүлдɵрү жана Эл аралык ишкерлер кеӊешинин мүчɵлɵрү “Кумтɵр” кен ишканасында болушту
Үстүбүздɵгү жылдын сентябрь-октябрында “Кумтɵр” кен ишканасында таанышуу сапарлары менен “ЖИА” ассоциациясынан жаш ишкерлер, алардын катарында айыл аймактарынын башчылары, активисттер, райондук мектептердин мугалимдери жана медициналык кызматкерлер, ошондой эле Эл аралык ишкерлер кеӊешинин (ЭИК) мүчɵлɵрү катышкан Жети-Ɵгүз райондук коомчулуктун ɵкүлдɵрү “Кумтɵр” кен ишканасына барышты. Сапарлар “Кумтɵр” компаниясынын жетекчилиги тарабынан кендин иши менен жеринде таанышуу үчүн ишканага баруу ɵтү
Үстүбүздɵгү жылдын сентябрь-октябрында “Кумтɵр” кен ишканасында таанышуу сапарлары менен “ЖИА” ассоциациясынан жаш ишкерлер, алардын катарында айыл аймактарынын башчылары, активисттер, райондук мектептердин мугалимдери жана медициналык кызматкерлер, ошондой эле Эл аралык ишкерлер кеӊешинин (ЭИК) мүчɵлɵрү катышкан Жети-Ɵгүз райондук коомчулуктун ɵкүлдɵрү “Кумтɵр” кен ишканасына барышты. Сапарлар “Кумтɵр” компаниясынын жетекчилиги тарабынан кендин иши менен жеринде таанышуу үчүн ишканага баруу ɵтүнүчүнɵ жооп иретинде уюштурулган.
Баргандар руданы казып алуунун жана кайра иштетүүнүн негизги ɵндүрүштүк этаптарын кɵрүп, карьерде, алтын ылгоочу фабрикада, Петров кɵлүндɵ жана калдыктытар чарбасынын дамбасында болушту. Бардык участоктордо компаниянын бɵлүмдɵрүнүн ɵкүлдɵрү ɵз ишинин ɵзгɵчɵлүктɵрү жана алардын ɵндүрүш процессиндеги ролу жɵнүндɵ айтып берип, бардык суроолорго жеткиликтүү жооп берүүгө жетишти.
- Биринчи кезекте кен ишканага барууда ал жерде баары кантип курулуп, 4 миӊ метр бийиктикте адамдар мындай зор объектини кантип башкарып жатканын жеринен барып кɵрүү кызыктырды. Кɵргɵнүбүз мага да, келгендердин баарына да ɵтɵ чоӊ таасир калтырды деп ойлойм, - деп айтты ЭИКке кирген юридикалык фирманын ɵкүлү Александр Ан.
ЭИКтин ɵкүлү Аскар Сыдыков мындай сапарлар ишке жардам бере тургандыгын белгиледи. Анткени, адамдар ишкана жɵнүндɵ маалыматты жеринде алышат, карьер, фабрика эмне экенин, кызматкерлердин иш шарттары кандай экенин кɵрүшɵт жана таразаланган, калыс баасын беришет.
Калктын түркүн топтору үчүн кɵптөгөн жылдар бою жүргүзүлүп жаткан “Кумтɵр” кен ишканасына мындай сапарлар салттуу болуп калганын белгилей кетишибиз абзел. “Кумтɵр” – мамбюджетке которуулар боюнча гана эмес, ачыктык саясаты боюнча да лидер. Компания ишмердүүлүгү максималдуу ачык-айкын болушу, ɵндүрүш эл аралык тажрыйбаны эске алуу жана эӊ катаал экологиялык жана ɵнɵр жайлык коопсуздук стандарттарын сактоо менен жүзɵгɵ ашырылып жатканын коомчулук кɵрүп-билүүсү үчүн бардык аракеттерди жасоодо.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…