«Бай-Түшүм» Банкы Согуштун ардагерлерин жана тылдын эмгекчилерин Жеңиш Күнү менен куттуктады
Өзүнүн көп жылдан берки жакшы салттарын улантуу менен 9-майдын алдында «Бай-Түшүм» Банкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнүнүн 71-жылдык майрамы менен куттуктады жана ардаргерлерге акчалай белектерди берди.
Өзүнүн көп жылдан берки жакшы салттарын улантуу менен 9-майдын алдында «Бай-Түшүм» Банкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнүнүн 71-жылдык майрамы менен куттуктады жана ардаргерлерге акчалай белектерди берди.
Ушул салтанаттуу күнү Банк колдон келишинче ардаргерлердин көпчүлүгүнө колдоо көрсөтүү, жардам берүү жана аларга көңүл бөлүү мүмкүндүгүн ар дайым таап келет. Ушул майрам күнү Банктын баардык филиалдары бүтүндөй Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.
Убакыт өткөн сайын фронтовиктердин саламаттыктары начарлап барат, ошондуктан Банктын кызматкерлери алардын көпчүлүгүн үйлөрүнөн жекече куттукташты. Гүлдөрдү жана жагымдуу белектерди алуу менен ардаргерлердин көңүлү толуп, өздөрүнүн согуш мезгилдеринде өткөргөн күндөрү тууралуу Банктын кызматкерлерине кызыктуу кылып айтып берип жатышты.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана анын катышуучуларын куттуктоо үчүн акыркы 5 жылдын ичинде Банк 2,5 миллионго жакын сом бөлүп берди. Себеби жыл өткөн сайын улуу майрамдын тарыхий мааниси курчуп келет, «Бай-Түшүм» Банкы мындан ары да ардагерлерди урматтап сыйлоону улантат.
«Бай Түшүм» Банкы мамлекет жана башка уюмдар тарабынан жетиштүү түрдө колдоо көрсөтүлбөй калган, жардамга өтө муктаж болгон адамдарга туруктуу негизде жардам көрсөтүп келет. Акыркы беш жылдын аралыгында эле Банк балдарга жана балдар үйлөрүнө, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөттү, аймактардын экономикалык кубаттуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзө турган 7 социалдык маанилүү долбоорду ийгиликтүү каржылады. Ушул багытка жумшалып жаткан каражаттын жалпы суммасы акыркы беш жылдын аралыгында эле 10,5 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч Банк үчүн чек эмес, кайрымдуулук багытында демөөрчүлүк жардамдар мындан ары да көрсөтүлө бермекчи.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…