Компаньон Банкы 11-Алма фестивалына чакырат
«Компаньон Банкы» ЖАК 2016-жылдын 24 сентябрында Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жыл сайын өтүүчү 11-Алма фестивалын өткөрөт. Фестивалга Кыргызстандын фермерлери жана Франциялык багбандар катышышат. Алар алма өстүрүү жана алманы кайра иштетүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшүөт.
«Компаньон Банкы» ЖАК 2016-жылдын 24 сентябрында Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жыл сайын өтүүчү 11-Алма фестивалын өткөрөт. Фестивалга Кыргызстандын фермерлери жана Франциялык багбандар катышышат. Алар алма өстүрүү жана алманы кайра иштетүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшүөт.
Бул иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандын коомчулуктарынын потенциалын чыңдоо үчүн багбанчылыкты жана сатып алуучулар жана сатуучулардын арасындагы базар байланышын өнүктүрүүгө жардам кылуу. Бул иш чаранын чегинде катышуучулар өздөрүнүн продукцияларын сата алышат жана азыркы кездеги багбанчылык боюнча маселелерди талкуулашып, Компаньон Банкынын адистеринен агрономия жана мал чарбачылык боюнча акысыз кеңеш ала алышат.
Аны менен бирге, бул иш чарада балдар жана чоңдор үчүн көптөгөн кызыктуу конкурстар жана жарышмалар болот. Ошондой эле бул майрамдын салттуу жана эң таттуу бөлүмү- алмалардын жана өзгөчө алмадан жасалган тамактардын дегустациясы. Фестивалдын меймандары жана катышуучулары демонстрациялык бакчаларга жана алма сактагычтарга бара алышат.
«Биз биринчи жолу Алма фестивалын 2006 жылы өткөргөнбүз. Жергиликтүү фермерлердин бул иш чарага болгон кызыгуусу бул фестивалды жакшы салт кылууга түрткү болду. Өткөн жылы биздин иш чара Ноокат районунун багбандарына 15 тонна алма сатууга жардам берген, бул жылы 2 миң тоннага көбүрөөк план койдук», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК башкармалык төрагасы Уланбек Термечиков белгилей кетти.
Бул алма фестивалы Кадамжай районунун администрациясы менен бирге өткөрүлөт. Фестивалга 600 жакын катышуучулардын жана эки миңден көп көрүүчүлөрдүн келиши күтүлөт. Фестивалдын программасы Банктын www.kompanion.kg сайтында таанышса болот.
Банк жөнүндө:
Компаньон, 2004 түзүлүп, институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана азыркы убакта Борбордук Азияда коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча туруктуу каржылоо уюму болуп саналат. 2016 жылдын июль айындагы абалга жараша «Компаньон Банкы» ЖАК нун өлкө боюнча 100 000 ден көп кардарлары, 1000 кызматкерлери, 107 филиалдары жана сактык кассалары бар. Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына банк кызматтарынын түрлөрүн көрсөтөт жана өзүнүн штатында 35 жогорку квалификациялуу агроному жана ветеринары болгон жалгыз каржылоо уюму болуп саналат.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков К…
Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Түркия-Кыргыз ишкерлер кеңеши (ТҮКИД) …
ЭИК IBC Summer Fest 2026до Кыргызстандын бизнес-коомчулугун бириктирди
2026-жылдын 12-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 400дөн ашык бизнес, мамлекеттик органд…
Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Королдугунун Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 3-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Кор…