ЭИК жаңылыктары

Компаньон Банкы ОКӨФ менен бирге бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат

«Компаньон Банкы» ЖАК жана Орус-Кыргыз Өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн кредит линиясын камсыздоо тууралуу келишимге кол коюшту. 2016 жылдын 4 октябрында расмий кол коюлду.

Жарыяланган датасы: 11 Октябрь 2016
Компаньон Банкы ОКӨФ менен бирге бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат

«Компаньон Банкы» ЖАК жана Орус-Кыргыз Өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн кредит линиясын камсыздоо тууралуу келишимге кол коюшту. 2016 жылдын 4 октябрында расмий кол коюлду.

Бул кызматташтыктын чегинде ишкерлердин өнөр жайга (анын ичинен тигүү, текстиль, тоо кен, металлургия тармактарына), туризм транспорту жана инфраструктурасына, медицинага, соода жана билим берүү тармагына узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары үчүн жеңилдиктер менен насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү болот.

«Чакан жана орто бизнести колдоо – ОКӨФ ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири. Фонд менен Компаньон Банкынын кызматташтыгы ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдик менен насыялоону жеткиликтүү кылып, алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деп ОКӨФ Башкармалыгынын Мүчөсү Эркин Асрандиев белгилей кетти.

Компаньон Банкынын кардарлары үчүн улуттук валютада 12 % жылдык чен боюнча 5 жылга чейин комиссиясыз жана жыйымсыз жеңилдик менен берилүүчү насыялар жеткиликтүү болот.

«Өнөктөштөр менен ишенимдүү мамиле куруу менен, биз кардарлар үчүн банктык продуктылардын жана кызматтардын түрлөрүн көбөйтүүнү улантуудабыз. Бул кол коюлган келишим Компаньон Банкы менен ОКӨФ арасындагы узак мөөнөттүк кызматташтыктын башталышы болуп саналат, жана Кыргызстанда чакан жана орто бизнести эффективдүү каржылоо анын жыйынтыгы болот», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Термечиков жыйынтыктады.

Банк жөнүндө:

2004 жылы уюштурулган Компаньон, институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн, жана азыркы убакта 6.5 млрд сом активдери жана 1 млрд 600 миң сом уставдык капиталы менен туруктуу банк болуп саналат. Уюштурулгандан бери Банк өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстандын рыногунда бир кыйла кеңейтти. 2016 жылдын 31 августтагы абалга жараша Компаньон Банкынын өлкө боюнча 107 бөлүмдөрү, 100 000 ге жакын кардарлары, 1000 ден көп кызматкерлери бар. Банк тууралуу толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан алыңыз.

Фонд жөнүндө:

Орус-Кыргыз Өнүгүү Фонду – бул эл аралык уюм. Фонддун миссиясы Кыргыз Республикасынын экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн каражаттарды жана долбоорлорду тартуу болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы $ 500 млн. 2016 жылдын 3 октябрдагы маалыматка жараша $144,4 млн. жалпы суммада 505 долбоор Фонд тарабынан канааттандырылган.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…

ЭИК жаңылыктары 18 Сентябрь 2026

МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…

ЭИК жаңылыктары 16 Сентябрь 2026

Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту

2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…