ЭИК жаңылыктары

FINCA банк «Innovation Award» микрофинансылык борборунун башкы эл аралык сыйлыгына ээ болду

FINCA Банктын инновациялык долбоору «Innovation Award» МФБ эл аралык сыйлыгынын көптөгөн талапкерлеринин арасынан комитеттин эң жогорку баасына татыды.

Жарыяланган датасы: 2 Ноябрь 2016

FINCA Банктын инновациялык долбоору «Innovation Award» МФБ эл аралык сыйлыгынын көптөгөн талапкерлеринин арасынан комитеттин эң жогорку баасына татыды.

26-октябрда FINCA Банктын башкы кеңсесинде сыйлыктын демөөрчүлөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда «Software Group» компаниясынын өкүлдөрү Пламен Вутов жана Теодора Крастанова сыйлыктарды – программалык камсыздоо лицензиясын жана жыйырма планшетти салтанаттуу түрдө тапшырышты. Жолугушууда ошондой эле FINCA Банктын инновациялык долбоорун ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Инновация үчүн берилген МФБ сыйлыгы бизнес-процесстерди ылайыкташтырууда жаңы тенденцияларды пайда кылат, ошондой эле финансы кызматтарына жетүү жолун кеңейтүү аркылуу адамдардын жашоо-турмушун жакшыртууга көрүнүктүү салым кошкон уюмдардын кийинки иш-аракеттерин пайда кылууга жана өбөлгөлөөгө аракет кылат.

FINCA Банктын жаңы долбоорунун концепциясы банктын жаңы жана активдүү кардарлары үчүн сунулган финансы продукттарын жана кызматтарын жеткирүүнүн инновациялык технологиялык каналын өнүктүрүүнү камтыйт.

Сыйлыктарды тапшыруунун расмий салтанаты 2017-жылдын май айында Сараеводо Микрофинансы борборунун эл аралык конференциясында өткөрүлөт.

Микрофинансы борбору тууралуу маалыматты www.mfc.org.pl шилтемесинен таба аласыз.

Software Group компаниясы тууралуу маалымат:www.softwaregroup-bg.com

FINCA Банктын продукттары жана кызматтары тууралуу кененирээк маалымат: www.FINCA.kg

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…

ЭИК жаңылыктары 18 Сентябрь 2026

МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…

ЭИК жаңылыктары 16 Сентябрь 2026

Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту

2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…