Компаньон Банкы дзюдо боюнча Эл аралык турнирине колдоо көрсөттү
3 жана 4 декабрда Компаньон Банкынын колдоосу менен Бишкекте жаштардын арасында «Хан Манас» дзюдо боюнча VII эл аралык турнири өткөрүлдү. Быйыл бул мелдешке Казахстан, Туркменистан, Өзбекстан, Иран, Россия жана Кыргызстандан 400 дөн көп жаш спортчулар келишти.
3 жана 4 декабрда Компаньон Банкынын колдоосу менен Бишкекте жаштардын арасында «Хан Манас» дзюдо боюнча VII эл аралык турнири өткөрүлдү. Быйыл бул мелдешке Казахстан, Туркменистан, Өзбекстан, Иран, Россия жана Кыргызстандан 400 дөн көп жаш спортчулар келишти.
«Биз бул спорт иш чарасын жетинчи жыл катары менен колдоп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул иш чара чың ден соолукта жашоо мүнөзүн элге жайылтат, идеологиялык туура баалуулуктарды жаштарга үйрөтөт, жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулардын арасындагы мамилени бекемдейт. Бардык спортчуларга спорттук мүнөз жана жеңиш үчүн эрк көрсөтүүнү каалайм», - деп Компаньон Банкынын Төрагасы Уланбек Термечиков ачылыш аземинде белгилеп кетти. Бул эки күндө кыздар жана балдар спорттук мелдештерде өздөрүнүн өлкөлөрүнүн намыстарын коргошту. Жыйынтыкта жалпы командалык эсептегенде, Казахстандын спортчулары биринчи орун, Өзбекстандын спортчулары –экинчи орун, жана Кыргызстандын дзюдочулары үчүнчү орунду алышты.
Бул иш чара «Кыргыз Эл» Коомдук уюму, КР Өкмөтүнүн алдындагы жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, жана КР дзюдо боюнча Улуттук федерациясы тарабынан уюштурулду.
Жаңылыктар
ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү
2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…
ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты
6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…