ЭИК жаңылыктары

Банктын кардарлары КРнын экономика Министрлигинин ардактуу грамоталарына татыктуу болушту

Бүгүн Бишкекте КРнын экономика Министрлиги жана Азия Өнүкгүрүү Банкы өткөрүшкөн «Аялдар ишкерчилигиндеги бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Өлкөлүк директору Кендис Мак-Дейган КРнын экономика Министрлигинин Ардак грамоталары менен «Бай Түшүм» банкынын кардарларын сыйлады. Аялдар ишкерчилиги долбоорун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн Каракол шаарынан Айна

Жарыяланган датасы: 11 Декабрь 2016
Банктын кардарлары КРнын экономика Министрлигинин ардактуу грамоталарына татыктуу болушту

Бүгүн Бишкекте КРнын экономика Министрлиги жана Азия Өнүкгүрүү Банкы өткөрүшкөн «Аялдар ишкерчилигиндеги бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Өлкөлүк директору Кендис Мак-Дейган КРнын экономика Министрлигинин Ардак грамоталары менен «Бай Түшүм» банкынын кардарларын сыйлады. Аялдар ишкерчилиги долбоорун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн Каракол шаарынан Айнагүл Жамгырчиева жана Таластан Кенжебүбү Айылчиева Ардак грамотага татыктуу болушту.

Мындан тышкары, «Бай Түшүм» банкынын чекене насыялоону өнүктүрүү секторунун жетекчиси Екатерина Полякова конференциянын жүрүшүндө «Насыя алган аялдарга кредиттердин тийгизген таасирин банк тарабынан баалоо» презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Ал конференциянын катышуучуларына жакырчылыктын деңгээлин жана насыяны иштеткенден кийин жашоо абалынын өзгөрүү мүмкүндүгүн баалоо методологиясын презентациялады. Бул методология Азия өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен иштелип чыккан. Банк мындан ары ал методологияны насыя алуучулардын төлөм жөндөмдүүлүгүн баалоо ыкмасын жакшыртуу жана насыянын мүмкүн болуучу максималдуу суммасын аныктоо максатында өзүнүн бизнес-процесстеринде пайдаланууну мерчемдеп жатат.

«Бай Түшүм» банкы бардык 16 жыл аралыгында өлкөбүздүн бардык аймактарындагы ишкер-аялдарды насыялоого өзгөчө көңүл бөлүп келе жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 12 Октябрь 2026

ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү

2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…

ЭИК жаңылыктары 6 Октябрь 2026

ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты

6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…