«Бай Түшүм» Банкы уставдык капиталын 790 млн.сомго чейин көбөйттү
«Бай Түшүм» Банкынын акционерлеринин 2016-жылдын 14-октябрында өткөн кезексиз жалпы чогулушунда банктын финансылык туруктуулугун бекемдөө максатында уставдык капиталды 75 млн. сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган. Каттоо боюнча зарыл болгон бардык иштер бүткөрүлгөн бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» Банкынын уставдык капиталынын өлчөмү 790 млн. сомду түздү. Ошентип, банктын көбөйтүлгөн уставдык капиталынын суммасы, 2015-жылдын 11-мартындагы Токтомго ылайык, иштеп жатышкан коммерциялык банктардын кап
«Бай Түшүм» Банкынын акционерлеринин 2016-жылдын 14-октябрында өткөн кезексиз жалпы чогулушунда банктын финансылык туруктуулугун бекемдөө максатында уставдык капиталды 75 млн. сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган. Каттоо боюнча зарыл болгон бардык иштер бүткөрүлгөн бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» Банкынын уставдык капиталынын өлчөмү 790 млн. сомду түздү. Ошентип, банктын көбөйтүлгөн уставдык капиталынын суммасы, 2015-жылдын 11-мартындагы Токтомго ылайык, иштеп жатышкан коммерциялык банктардын капиталы, 2017-жылдын 1-июлуна карата 600 млн. сомду түзүүгө тийиш экендигин аныктаган Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын регулятивдик талабынан жогорку өлчөмдү түздү.
«Банкта уставдык капиталды көбөйтүү биринчи жолу жүргүзүлүп жаткан жок. Биздин өлкөбүздө эки жылдан бери байкалып турган экономикалык оор жагдайга карабастан, биздин эл аралык акционерлерибиз, банктын өнүгүү стратегиясын мындан ары да турмушка ашыруу максатында Банкка колдоо көрсөтүүнү чечишти», - деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.
«Бай Түшүм» финансы рыногунда 16 жылдан бери иштеп келе жатат. Бул мезгил аралыгында Банк финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан тартып, толук банктык лицензияга ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки динамикалуу жолду ийгиликтүү басып өттү. Бул мезгил аралыгында уюм жалпы активинин өлчөмү 7,1 млрд. сомду жана кардарларынын базасы 91 миңден ашуунду түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык институттардын бирине айланды.
«Бай Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен, бүткүл өлкөбүз боюнча жеке адамдарга жана компанияларга финансылык тейлөөнүн толук спектрин тартуулап келе жатат. Банк бул аркылуу Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык жактан тейлөөгө толук камтылышына көмөкчү болууда.
Банк 2017-жылы насыялык куржунун 28%га көбөйтүүнү мерчемдеп жатат, мындан тышкары кошумча нарк чынжырчасы боюнча долбоорлор аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоого, энергосарамжалдуу технологияларды ишке киргизүүгө жана аялдар ишкерчилигин колдоого багытталган программаларды турмушка ашырууну улантмакчы.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…