Компаньон Банкынын пайдалуу насыялоо шарттары
Компаньон Банкы АКШ долларындагы бизнес-кредиттери акциясынын мөөнөтүн узартты. 2017 жылдын февраль айынын аягына чейин ишкерлердин жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестиция кылуу үчүн жеңилдетилген пайыз чени боюнча – жылдык 12% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетчү нерсе, бул пайыздык чен боюнча насыя алуу үчүн насыянын минималдуу суммасы 10 миң АКШ доллар болушу керек.
Компаньон Банкы АКШ долларындагы бизнес-кредиттери акциясынын мөөнөтүн узартты. 2017 жылдын февраль айынын аягына чейин ишкерлердин жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестиция кылуу үчүн жеңилдетилген пайыз чени боюнча – жылдык 12% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетчү нерсе, бул пайыздык чен боюнча насыя алуу үчүн насыянын минималдуу суммасы 10 миң АКШ доллар болушу керек.
Ошондой эле, Компаньон Банкы Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду менен кызматташтыгы алкагында жеңилдетилген насыяларды сунуштайт. Ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары үчүн жылдык 12% чен менен комиссиясыз 5 жылга чейинки насыялар жеткиликтүү.
«Компаньон Банкы чакан жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү жана үзүрлүү каржылоону берүү менен ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп кала берет. Биз биздин кардарлар үчүн ыңгайлуураак жана жакыныраак болуу менен банктык кызматтар тармагын кеңейтүүнү улантуудабыз», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК Уланбек Термечиков белгиледи.
Толук маалыматты 0 (312) 33 88 00 номери боюнча жана Банктын www.kompanion.kg сайтынан жана бардык бөлүмдөрүнөн алсаңыз болот.
Банк жөнүндө:
«Компаньон Банкы» ЖАК 2004 жылы түзүлгөн. Негизделгенден баштап Компаньон институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өттү жана Кыргызстанда өзүнүн иш-аракеттерин кыйла кеңейтти. 6,7 млрд сом активи жана 1,6 млрд сом уставдык капиталы бар Банк 96 миңден көп кардарларга кызмат көрсөтөт жана бүткүл өлкө боюнча анын 109 бөлүмдөрү бар. Эл аралык бейөкмөт уюму Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана европалык инвестициялык фонддору Triodos Investment Management Банктын акционерлери болуп саналат.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков К…
Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Түркия-Кыргыз ишкерлер кеңеши (ТҮКИД) …
ЭИК IBC Summer Fest 2026до Кыргызстандын бизнес-коомчулугун бириктирди
2026-жылдын 12-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 400дөн ашык бизнес, мамлекеттик органд…
Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Королдугунун Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 3-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Кор…