FINCA Банк «Гарантиялык Фонд» ААК менен өнөктөштүк келишимине кол койду
FINCA Банк «Гарантиялык Фонд» ААК менен фонд тарабынан кардарларга банк кредиттери боюнча кепилдик берүү тууралуу өнөктөштүк келишимине кол койду.
FINCA Банк «Гарантиялык Фонд» ААК менен фонд тарабынан кардарларга банк кредиттери боюнча кепилдик берүү тууралуу өнөктөштүк келишимине кол койду.
«Гарантиялык фонд» ААК чакан жана орто бизнестин ишкерлерине кошумча күрөө камсыздоосун берүү менен колдоо көрсөтөт. Эгерде кардарда күрөө каражаты жетишсиз болсо, анда фонд кепилдик берүүчү катары чыгып, банк тарабынан берилүүчү кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Банк тарабынан кредитке макулдук берилгенден кийин өнөктөштүк механизми боюнча, суралып жаткан өлчөмдө кредит алууга кардардын төлөө мүмкүнчүлүгү жетиштүү болуп, бирок кредитти камсыздоосу жетишсиз болгон кардарларды банк Гарантиялык фондго жөнөтөт.
«Гарантиялык Фонд» ААК 300 000 сомдон ашык суммадагы жана 12 айдан кем эмес мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн кепилдик берет, ал эми кепилдик суммасы күрөөнүн 50% чейин жетиши мүмкүн. Кардарлар үчүн кепилдик берүүнүн наркы кепилдик суммасынын 2%нан 2,5%на чейинкисин түзөт.
Чакан жана орто бизнеске кредит берүү FINCA Банктын ишмердүүлүгүнүн бирден-бир маанилүү багыты. FINCA Банк Кыргызстанда ар түрдүү кредиттик программалар боюнча ишкердиктин өнүгүшүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.
«Гарантиялык Фонд» ААКтын программасында күрөө берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон кардарларга кредит алууда кепилдик берүү каралган.
Кепилдик алуу механизми кандайча иштейт?
Кардар Банкка кредит алуу арызы менен кайрылышы керек, андан кийин Банк арыздарды карап чыгуу процедурасынын негизинде арызды карап чыгып, алынган маалыматтын жана берилген күрөөнүн негизинде кредит берүү мүмкүндүгүн жана берилүүчү кредиттин өлчөмүн баалайт.
Кредиттин суралып жаткан суммасын төлөө үчүн кардардын кирешеси жетиштүү болуп, бирок ал сумманы алуу үчүн коюлуп жаткан күрөөнүн наркы жетишсиз болсо, анда Банк кардарга «Гарантиялык Фонд» ААКга кайрылуусун сунуштайт.
Кардар «Гарантиялык Фонд» ААКга кайрылууга макул болгондо, Банк кардар тууралуу маалыматтарды фондго берет, фонд болсо 10 күндүн ичинде кредитке макулдук берүү/баш тартуу чечимин кабыл алат.
«Гарантиялык Фонд» ААК кабыл алынган чечим тууралуу Банкка билдирет. Кредит берүүгө макулдук берилген учурда Банк кардарга кредит берүүнү жол-жоболоштурат.
Фонд тарабынан кепилдик берүүдө артыкчылык айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүгө, тигүү жана текстиль тармагына, курулуш материалдарын чыгарууга, соода тармагына, «ачык» экономиканы жана айымдардын ишкердигин колдоого берилет.
«Гарантиялык Фонд» ААКтын кепилдик берүү шарттары жана механизми тууралуу маалымат:
http://gf.kg/index.php/ru/predprinimatelyam-ru/mekhanizm-polucheniya-garantii.html
Банктын продуктулары жана кызматтары тууралуу толук маалыматты www.FINCA.kg сайтынан алсаңыздар болот.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…