Компаньон Банкы интернет-банкинг кызматын баштады
Компаньон Банкы жеке кардарлар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн интернет-банкинг кызматын баштады. Эми банктын кардарларынын дистанциялык банктык тейлөөнүн ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз ыкмасы бар.
Компаньон Банкы жеке кардарлар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн интернет-банкинг кызматын баштады. Эми банктын кардарларынын дистанциялык банктык тейлөөнүн ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз ыкмасы бар.
Ыңгайлуу. Интернет-банкинг кардарларга өзүлөрүнүн эсептерин ар дайым башкаруу жана негизги банктык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет:
• Жүргүзүлгөн банктык төлөмдөр жөнүндө маалымат алуу;
• Насыя карызын төлөө;
• Акча каражаттарын өзүнүн эсептери арасында жана банктын кардарларынын эсептерине акысыз которуу;
• Акча каражаттарын клиринг жана гросс боюнча которуу;
• Валюта алмаштыруу.
Жөнөкөй. Бул кызматты колдонуу үчүн Компаньон Банкында эсептин бар болушу жетиштүү, жана Банктын сайтында жайгаштырылган интернет-банкингди кошуу жана тейлөө боюнча колдонуучу үчүн нускамаларды жана тарифтерди окуп чыгуу керек.
Коопсуз. Эки фактордук аутентификациялоо системага уруксатсыз кирүү рискин минимумга азайтат. Жеке жактар үчүн СМС-билдирүү аркылуу бир жолу колдонулуучу паролду алуу мүмкүнүлүгү каралган. Юридикалык жактар үчүн бир жолу колдонулуучу паролдор атайын белгиленген ОТР-токендери менен жаралат.
Кызмат жөнүндө толук маалыматты www.kompanion.kg сайтында, байланыш борборунун номерлери боюнча: 0312 33 88 00 и 88 00, жана банктын бардык бөлүмдөрүндө алсаңыз болот.
Маалымат:
«Компаньон Банкы» ЖАК - 6,2 млрд сом активдерине жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталга ээ туруктуу банк. Буткүл өлкө боюнча 112 бөлүмдөрүндө 96 миң кардарлары бар. Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps) эл аралык уюму, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…