Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү
23- октябрда Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү. Ал «Бай Түшүм» Банкын 17 жылдан бери жетектеп келди. Бул мезгил аралыгында «Бай Түшүм» Гүлнара Шамшиеванын жетекчилиги алдында финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан банктык толук лицензиясына ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн жолун басып өттү. «Бай Түшүм» бүгүнкү күндө банктык сектордо насыялык куржуну жана активдери боюнча 9-ору
23- октябрда Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү. Ал «Бай Түшүм» Банкын 17 жылдан бери жетектеп келди. Бул мезгил аралыгында «Бай Түшүм» Гүлнара Шамшиеванын жетекчилиги алдында финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан банктык толук лицензиясына ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн жолун басып өттү. «Бай Түшүм» бүгүнкү күндө банктык сектордо насыялык куржуну жана активдери боюнча 9-орунду, уставдык капиталы боюнча 10-орунду орунду ээлеп турат жана бүткүл өлкөбүз боюнча 105 миңден ашуун кардарларга финансылык тейлөөнүн толук спектерин сунуштап келүүдө.
Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын милдетин аткаруучу болуп Нургүл Төрөбаева дайындалды. Нургүл Төрөбаева «Бай Түшүм» Банкында 12 жылдан бери эмгектенет, бул жылдардын 7 жылы аралыгында Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын орун басары кызматында үзүрлүү иш алып барган. Ал казыналык, операциялык башкармалык, маалымат технологиялары башкармалыгы, методология башкармалыгы жана банктын коопсуздук кызматы тармактарын жетектеп келди. Банк ишинде жана микрофинансылоо тармагында 17 жылдан ашуун тажрыйбага ээ.
Кеңири маалыматты: (0312) 90-58-03 телефону боюнча алууга болот.
Евгения Шатунова
www.baitushum.kg
Жаңылыктар
ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү
2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…
ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты
6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…