Кыргызпатент “Мыкты инновациялык долбоор - 2018” конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Мыкты инновациялык долбоор - 2018” конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Мыкты инновациялык долбоор - 2018” конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт.
Конкурстун максаттары:
- келечектүү инновациялык долбоорлорду жана иштелмелерди аныктоо;
- республикада инновациялык ишмердүүлүктү активизациялоо;
- инновациялык долбоорлорду ички жана тышкы рынокко чыгарууга көмөктөшүү.
Конкурска инновациялык долбоордо ишке ашырылган идеялардын иштеп чыгуучулары жана ээлери болуп эсептелген жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорду ишке ашырууга гранттар сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун керектөөсүн жана конкурстун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.
Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
- Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы;
- Энергетика жана энергиянын кайра жаңыланма булактары;
- Маалыматтык жана санариптик технологиялар;
- Өнөр жай;
- Курулуш, курулуш материалдары ж.б.
Ар бир конкурстук долбоорго бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши керек. Өтүнмөлөр электрондук жана кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Москва көч., 62, e-mail: konkurs@patent.kg
Кененирээк маалыматты сайтынан же (0312) 68-16-01 телефонунан алууга болот.
Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2018-жылдын 1-июнга чейин.
Жаңылыктар
ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү
2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…
ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты
6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…