Маргарита Черикбаева «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды
Маргарита Черикбаева 2018-жылдын 12-мартында «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды.
Маргарита Черикбаева 2018-жылдын 12-мартында «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды.
Компаньонго келээрден мурда, ал 2015-жылдан тартып, «ФИНКА Банк» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы болуп, ага чейин, 2011-жылдан баштап, ошол эле банктын операциондук иш боюнча директору болуп эмгектенип келген. Андан мурда, Маргарита Черикбаева ProCredit Holding немис холдингинин тармагына кирген банктардын Кавказдагы, Батыш Африкадагы жана Латын Америкадагы бизнес бөлүмдөрүнүн жана операциондук блокторунун ишин жетектеген.
«Бүгүнкү күндө, Компаньон Банкы Кыргызстандын банктык тармагында өзүнүн туруктуу позициясын сактап келе жатат. Банк стабилдүү түрдө өнүгүп, социалдык миссиясын жактап, жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактап келет. Биз, Маргарита Черикбаева айымдын көп жылдык тажрыйбасын өтө бийик баалап, анын жетекчилиги алдында Банк мындан ары да өнүгүп, биздин кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу болот, деген ишеничтебиз. Ошол эле учурда, Компаньонду ийгиликтүү жетектегени үчүн, Эркинбек Жумабаев мырзага Мүдүрлөр кеңешинин атынан ыраазычылык билдирем», деди «Компаньон Банкы» ЖАКнун Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Стивен Митчелл.
Эсиңиздерге сала кетсек, 20017-жылдын май айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин «Компаньон Банкы» ЖАК Эркинбек Жумабаев жетектеп келген. Ал Компаньондун жамаатына 2005-жылы кошулган, жана экономика, каржы жана банк тармактарында бай тажрыйбага ээ. 2009-жылдан 2017-жылга чейин Эркинбек Жумабаев «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары катары эмгектенген.
Банк жөнүндө:
Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына агробизнестин өнүгүшүнө багытталган банктык өнүмдөрдү жана кызматтарды толугу менен сунуштайт. Компаньон Банкы 2004-жылы негизделгенден баштап, институцианалдык өнүгүүнүн ар бир басамагын өтүп, Кыргызстандын каржы тармагындагы ордун кеңейте билди. 6,5 млрд сомдук активдери жана 1 млрд сомдон көп уставдык капиталы болгон банк, 91 миң кардарды тейлейт дагы, өлкө боюнча 115 филиалында иш жүргүзөт. Банктын акционерлери – Кайрымдуулук корпусу (Mercy Corps) эл-аралык өкмөттүк эмес ишканасы, Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management аттуу европалык инвестиция фонду. Тагыраак маалыматты сайтынан ала аласыздар.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков К…
Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Түркия-Кыргыз ишкерлер кеңеши (ТҮКИД) …
ЭИК IBC Summer Fest 2026до Кыргызстандын бизнес-коомчулугун бириктирди
2026-жылдын 12-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 400дөн ашык бизнес, мамлекеттик органд…
Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Королдугунун Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 3-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Кор…