ЭИК жаңылыктары

Урматтуу Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ишкерлери!

Урматтуу Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ишкерлери!

Жарыяланган датасы: 21 Октябрь 2019
Урматтуу Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ишкерлери!

Урматтуу Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ишкерлери!

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңешине караштуу өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет Сизди Комитеттин төрагасынын бизнес-коомчулуктан орун басары А.К. Сыдыков менен жолугушууга чакырат.Жолугушуу Комитеттин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2019-жылдын 24- июнундагы тапшырмасын аткаруунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Иш чара Кыргыз Республикасынын аймактарында өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүнүн жеке жана тармактык маселелерин ачыктоо жана систематизациялоого багытталган.

Ишкерлер менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча мурда жетиштүү деңгээлде каралбаган жана чечилбеген маселелер аныкталат, аларды структуралоо жана Комитеттин аянтчасында чечүүгө көмөк көрсөтүү жолдорун аныктоо камсыздалат.

Иш чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу пландалып жатат.

Бардык катышуучулар өз суроолорун жана сунуштарын айта алышы үчүн жолугушуу максималдуу ачык жана бейформал жагдайда өтөт.

Сиздин бул жолугушууга катышууңуз боло турган иш чаранын максаттары жана милдеттеринин максималдуу ишке ашуусуна көмөк көрсөтөт.

Комитеттин өкүлдөрү менен жолугушуу төмөнкү даректе өтөт:

22.10.2019 ж. - Баткен ш., Кызыл-Кыя ш.;

23.10.2019 ж. - Ош ш., Узген ш.;

24.10.2019 ж. - Жалал-Абад ш., Кочкор-Ата ш.

Каттоо үчүн: 0312 623679, 0312 623394, 0 559 101144.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 12 Октябрь 2026

ЭИК Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу бизнестин негизги маселелерин көтөрдү

2026-жылдын 12-октябрында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сы…

ЭИК жаңылыктары 6 Октябрь 2026

ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты

6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…