ЭИК жаңылыктары

Халык Банк Кыргызстан уставдык капиталын көбөйтүүгө карата ниеттенүүcү тууралуу жарыялады

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому («Халык Банк Кыргызстан» ААК мындан ары – «Банк») Казахстан Эл Банкынын (Halyk Bank) туунду компаниясы уставдык капиталын 1,2 млрд. сомго чейин көбөйтүүгө карата ниеттенүүсү тууралуу жарыялады.

Жарыяланган датасы: 19 Ноябрь 2019
Халык Банк Кыргызстан уставдык капиталын көбөйтүүгө карата ниеттенүүcү тууралуу жарыялады

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому («Халык Банк Кыргызстан» ААК мындан ары – «Банк») Казахстан Эл Банкынын (Halyk Bank) туунду компаниясы уставдык капиталын 1,2 млрд. сомго чейин көбөйтүүгө карата ниеттенүүсү тууралуу жарыялады.

Тийиштүү чечим 2019-жылдын 12-ноябрында Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.

Бардык тийиштүү жол-жоболордон өткөндөн кийин Банктын уставдык капиталы эки эсеге: 600 млн. 8 миң сомдон 1 млрд. 200 млн. 8 миң сомго чейин көбөйтүлөт (17 млн. АКШ долларынын эквиваленти), бул Кыргыз Республикасынын уставдык капиталынын өлчөмү боюнча 24-орундун ичинен Банктын сегизинчи орунду ээлөөсүнө мүмкүндүк берет.

Уставдык капиталдын көбөйүшү, бул акционердин Банктын өсүшүн жана өнүгүшүн колдоого даяр экендигин, Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда Банктын позицияларын андан ары бекемдөөгө көмөктөшө турганын тастыктайт.

***

«Халык Банк Кыргызстан» ААК – бул 14 жылдан ашык убакыттан бери заманбап банктык технологияларды колдонуу менен корпоративдик, МСБ жана чекене кардарлардын бардык категориялары боюнча Кыргызстандын рыногунда финансылык кызматтарды көрсөтүп келе жаткан универсалдуу банк болуп саналат. Банктын кардарларын мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүлөрдө тейлөө үчүн Германиянын, Россиянын, Казахстандын жана Түштүк Кореянын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлдү. Кыргызстан боюнча Банктын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө жана Ноокатта бар. Банктын жалгыз акционери — «Казахстан Эл Банкы» АК, ал Казахстан Республикасынын системаларын түзүүчү Банкы болуп саналат.

Halyk Bank («Казахстан Эл Банкы» АК) кардарлардын эң кеңири базасы жана жайылтуу тармактары менен болгон Казахстандагы эң ири финансылык топ жана лидерлик чекене банк болуп саналат. Банк өзүнүн чекене кардарларына, чакан жана орто бизнес карларларына жана корпоративдик кардарларга банктык кызматтардын (камсыздандыруу, лизинг, брокерлик жана активдерди башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн) толук спектрин сунуштайт. Банк өзүнүн операцияларын Россияда, Грузияда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда да жүргүзөт.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…

ЭИК жаңылыктары 18 Сентябрь 2026

МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…

ЭИК жаңылыктары 16 Сентябрь 2026

Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту

2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…