ЭИК жаңылыктары

Аскар Сыдыков: Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда

Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда. Бул тууралуу 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу тегерек столдо Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Жарыяланган датасы: 16 Декабрь 2021
Аскар Сыдыков: Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда

Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда. Бул тууралуу 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу тегерек столдо Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду салыштырганда жергиликтүүлөргө кыйыныраак. Чет элдик инвесторлор өлкөдөн кетип, капиталын чыгарып кете алса, жергиликтүү инвесторлор үчүн Кыргызстан көп учурда бизнес жүргүзүүнүн бирден-бир чекити болуп саналат. «Бул жерде айта кетчү нерсе, алар ушул жалгыз чекиттен да кетишке туура келип жатат. Ушул жылдын ичинде көбү капиталын, бизнесин чет өлкөгө чыгарып кетишти жана чет жерге көчкөндөр да көп болду», – деди Сыдыков.

«Биз компаниялар менен сүйлөшкөндө маанилүү көйгөй катары кадрлардын жетишсиздигин айтышат. Компаниялар айткандай, мындай көрүнүш улана берсе, 5-10 жылдан кийин жумушка алууга эч ким калбай калат, же көп акчага жалдоо керек болуп калат», – деди ал.

ЭИКтин жетекчиси бул квалификациялуу кызматкерлерге гана эмес, иш жүзүндө бардыгына тиешелүү экенин кошумчалады. Кафе-ресторандар администраторлорду, ашпозчуларды, курулуш компаниялары ширетүүчүлөрдү, сантехниктерди таба албай калышы мүмкүн.

«Адамдар чет өлкөгө чыгып, 3-4 эсе көп айлык алып, азыраак квалификациялуу жумуштарда иштеп акча чогултуп, кайра келип, кыймылсыз мүлк сатып алып, өз бизнесин ачып жатышат. Мына ушундай модель. Демек, инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө жумшалууда», – деди Сыдыков.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/12/16/askar-sydykov-investiciya-bizneske-emes-negizinen-passivd-aktivderge-kyjmylsyz-m-lkk-salynuuda/

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 25 Сентябрь 2026

МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды

МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…

ЭИК жаңылыктары 19 Сентябрь 2026

Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды

19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…

ЭИК жаңылыктары 18 Сентябрь 2026

МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…

ЭИК жаңылыктары 16 Сентябрь 2026

Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту

2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…