ЭИК жаңылыктары
ЭИК 25 жылдык юбилейин белгиледи!
5-декабрда Эл аралык Ишкер Кеңеш бизнестин, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн юбилейлик кечеге чогулткан ассоциациянын 25 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.
ЭИК, 2025-жылдын 9-декабры. Эл аралык Ишкер Кеңеш 5-декабрда ассоциациянын 25 жылдыгын салтанаттуу белгиледи. 2000-жылы түзүлгөн ЭИК Кыргызстандын эң ишенимдүү бизнес-ассоциацияларынын бирине — угулган жана урматталган бизнестин бирдиктүү үнүнө айланды. Юбилейлик кече бизнестин, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Кечтин программасы ЭИКтин ийгилик тарыхын эске алуу, ассоциациянын мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүнө сыйлык тапшыруу аземин камтыды. Ассоциациянын мүчөлөрүн юбилей менен куттуктап, ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков көп жылдык кызматташтык жана өлкөнүн экономикасына кошкон салым үчүн баарына ыраазычылык билдирди: «Биз ар күнү биздин ишибиз жардам берген ишкерлер менен жөнөкөй жарандардан ыраазычылык сөздөрүн угабыз — жана бул ыраазычылыктар силерге багытталган. Бул жылдар бою Кыргызстандын бизнесинин үнүн өлкө ичинде да, чет өлкөдө да билдирүү биз үчүн чоң урмат жана жоопкерчилик, жана биз бул асыл миссияны татыктуу улантуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз». Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Эл аралык Ишкер Кеңешти видеокайрылуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктады. «ЭИКтин мүчө-компаниялары Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин салык түшүүлөрүнүн 20 пайыздан ашыгын түзөт. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салым. Эл аралык Ишкер Кеңештин мамлекеттик органдар менен мамилелери бекемделип, өнүгө берерине ишенем. Бул биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүү, биздин ишкерлерге оң таасир тийгизе турган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш», — деди Кабмин башчысы, ЭИКке андан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалап. Бүгүн ЭИК экономиканын 20 тармагынын өкүлдөрүн жана Кыргызстандан да, чет өлкөдөн да 150дөн ашык активдүү мүчөсүн бириктирет. ЭИКте 8 тармактык комитет иштейт: минералдык ресурстар, финансы рыногу, фискалдык саясат, адам ресурстарын башкаруу, интеллектуалдык менчик, туризм, курулуш жана кыймылсыз мүлк боюнча, ошондой эле ESG комитети. «Биз жыл сайын бизнести тынчсыздандырган жүздөгөн маселелерди иштеп чыгабыз, жана алардын олуттуу бөлүгү ийгиликтүү чечилет. Акыркы алты жылда ЭИКтин ишинен жалпы финансылык-экономикалык эффект жок дегенде 472 млн АКШ долларын түздү», — деп билдирди Аскар Сыдыков. ЭИКтин Башкармасынын төрагасы жана «Кант ТШП» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Танвир Афтаб ассоциациянын компанияларга Кыргызстанда интеграцияланууга жана бизнести өнүктүрүүгө кантип жардам берип жатканы жөнүндө айтып берди. «Эгерде мага бирөө келип, Кыргызстанда бизнес ачкысы келерин айтса, мен ар дайым ЭИКтин жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууну сунуштайм. Өкмөт бизнеске, салыктарга же инвестицияларга тиешелүү мыйзамдарды киргизүүдөн мурун ЭИКке кеңешме үчүн кайрыларына сыймыктанам», — деп билдирди Танвир Афтаб. 2000-жылдардын башы — Кыргызстан рынок экономикасына өтүүнүн активдүү этабында турган мезгил. Эл аралык Ишкер Кеңеш мамлекеттик-жеке диалог жана өз ара аракеттенүү үчүн платформа берүү, тажрыйба алмашуу жана ишенимдүү байланыштарды куруу үчүн эл аралык компаниялар менен уюмдардын демилгеси катары пайда болгон. «Мен бул өлкөгө 2000-жылдын мартында ЕБӨРБдин өлкөлүк офисинин жетекчиси катары келгем жана дароо эле бизнес өкүлдөрү менен тааныштым. Ошол мезгилде өлкөдө эл аралык бизнес анча деле көп эмес болчу. Биз ошол кездеги Германиянын элчиси Клаус Ахенбах менен күч-аракеттерибизди бириктирип, эл аралык бизнес-клуб түздүк», — деп эскерет ЕБӨРБдин КРдагы мурдагы жетекчиси, ЭИК Башкармасынын биринчи төрагасы Фернан Пийонель. «ЭИКтин тарыхы — бул көбүнчө Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке диалогдун калыптануу жана өнүгүү тарыхы, жана бул жылдар ичинде бизнес чындап эле өлкөнүн өнүгүшүнүн бирге жаратуучусуна айланды. Бизнес-коомчулук үчүн бүгүн эч качангыдай активдүү позицияны сактап, ишкердик чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча биргелешип иштөө маанилүү. Биздин ассоциация бул максаттарды ишке ашырууну жана Кыргызстан элинин жашоосун жакшыртууга салым кошууну улантат», — деп жыйынтыктады ЭИКтин жетекчиси Аскар Сыдыков. Иш-чаранын өнөктөштөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз: Башкы өнөктөштөр: «Альянс Алтын» ЖЧКсы, «Kant TSP» ЖЧКсы, «Фридом Брокер» ЖЧКсы. Расмий өнөктөштөр: «Абдыш-Ата» ЖЧКсы, «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы ЖАКсы, «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКсы, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсы, «Лион» ЖЧКсы, «О! Банк» ААКсы. Өнөктөштөр: «Бейкер Тилли Бишкек» ЖЧКсы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКсы, «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» ЖЧКсы, «Техно Центр» ЖЧКсы, «Тезком ЛТД» ЖЧКсы.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков К…
Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Түркия-Кыргыз ишкерлер кеңеши (ТҮКИД) …
ЭИК IBC Summer Fest 2026до Кыргызстандын бизнес-коомчулугун бириктирди
2026-жылдын 12-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 400дөн ашык бизнес, мамлекеттик органд…
Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Королдугунун Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү
2026-жылдын 3-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Кор…