ЭИК жаңылыктары

Лондондо Кыргыз-Британия ишкер кеңешинин отуруму болуп өттү

2026-жылдын 25-февралында Лондондо «Борбордук Азия - Улуу Британия (C5+1)» форматындагы Тышкы иштер министрлеринин саммитине карата Кыргыз-Британия ишкер кеңешинин (КБИК) кезектеги, төртүнчү отуруму болуп өттү.

Жарыяланган датасы: 25 Февраль 2026
Лондондо Кыргыз-Британия ишкер кеңешинин отуруму болуп өттү
25-февралда Лондондо Кыргыз-Британия ишкер кеңешинин (КБИК) кезектеги, төртүнчү отуруму болуп өттү. Иш-чара «Борбордук Азия - Улуу Британия (C5+1)» форматындагы Тышкы иштер министрлеринин саммитине карата өткөрүлдү. Кыргыз тарабынан отурумга КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев, Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов жана Финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев катышты. Британиялык тараптан жолугушууда Улуу Британиянын премьер-министринин Азербайжан жана Борбордук Азия боюнча соода өкүлү, Улуу Британия парламентинин Лордор палатасынын мүчөсү лорд Джон Элдердайс, ошондой эле Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан чыгып сүйлөштү. Отурумдун модератору катары Кыргыз-Британия ишкер кеңешинин со-төрагасы, Эл аралык Ишкер Кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков чыкты. Отурумдун программасынын алкагында дүйнөлүк консалтингдик Boston Consulting Group (BCG) фирмасынын, ирригация тутумдары үчүн инновациялык цемент материалдарын өндүрүүчү United Concrete Canvas компаниясынын, Valor Carbon (углерод каржылоо жана климаттык долбоорлорду иштеп чыгуу тармагындагы компания), Oppenheimer Europe Ltd. (корпоративдик каржы жана стратегиялык изилдөөлөр тармагында европалык мекемелерге жана корпорацияларга финансылык кызмат көрсөтүүчү компания) жана «Элдик Банк» ААКсынын (Кыргызстандын топ-3 кредиттик мекемесинин бири) өкүлдөрү презентациялар менен чыгышты. Иш-чарага ошондой эле банк секторунун жетектөөчү дүйнөлүк компанияларынын — Citibank, Societe Generale, консалтинг секторунун — Alvarez & Marsal, EY (Лондон), ошондой эле Батыш Лондон Соода палатасынын, дүйнөлүк тоо-кен компаниясы Eurasia Critical Minerals'дын, Better Earth Limited корпорациясынын (таза энергетика тармагындагы инновациялык чечимдер), AI Capital'дын (жасалма интеллект тармагындагы инвестициялык жана консалтингдик компания, AI-стартаптарды каржылоого жана технологиялык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө адистешкен) өкүлдөрү катышты. Жолугушууга каржы, курулуш, камсыздандыруу, консалтинг, билим берүү, агроөнөр жай комплекси жана логистика тармактарындагы кыргыз жана британ бизнесинин өкүлдөрү катышты. Отурумга мамлекеттик органдардын, бизнестин жана эл аралык уюмдардын болжол менен 60 өкүлү катышты, бул британ бизнесинин Борбордук Азия аймагына жана өзгөчө Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусунун өсүп жатканын тастыктайт. Отурумдун жүрүшүндө Кыргызстандагы британ инвестицияларынын ийгиликтүү кейстери, анын ичинде Concrete Canvas компаниясынын курулуш материалдарын биргелешкен өндүрүү долбоору жана Valor Carbon компаниясынын долбоорлору тааныштырылды. Критикалык минералдар тармагындагы кызматташтыкка, финансы рыногун өнүктүрүүгө, банктык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле капиталды тартуу жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн дүйнөнүн жетектөөчү финансы борборлорунун бири катары Лондондун мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга өзгөчө көңүл бурулду. КБИКтин со-төрагасы Аскар Сыдыков Кеңештин ишинин Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү, ошондой эле КРнын экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн оң натыйжаларын белгиледи. Учурда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү, билим берүү, иш менен камсыз болуу, финансылык кызматтар жана өз ара кызыгууну туудурган башка багыттарда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар бардык деңгээлде диалогду улантууга, ишкердик байланыштарды активдештирүүгө жана жаңы биргелешкен инвестициялык жана бизнес-долбоорлорду ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө макулдашышты. Эске сала кетсек, КБИКтин биринчи отуруму 2023-жылдын 28-ноябрында Лондондогу ЕБӨРБдин башкы кеңсесинде, экинчи жана үчүнчү отурумдары Бишкекте 2024-жылдын 25-апрелинде жана 3-октябрында өткөн. Эл аралык Ишкер Кеңеш Кыргызстандын, Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантат.

Жаңылыктар