ЭИК жаңылыктары

ЭИКтин курьердик кызматтар боюнча мыйзам долбооруна карата пикири

ЭИК жол коопсуздугу боюнча мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзүп, өткөөл мезгилсиз мопеддерди милдеттүү каттоо жана A1 категориясындагы айдоочулук күбөлүгүн алуу миңдеген курьерлерди кирешесиз калтырып, чакан бизнеске зыян тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.

Жарыяланган датасы: 13 Март 2026

ЭИК, 2026-жылдын 13-марты. Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбооруна экспертиза жүргүзүп, сунуштарды даярдады. 2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды, ал боюнча, башка нерселер менен бирге, мопеддерди милдеттүү мамлекеттик каттоону, ошондой эле тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүн милдеттүү түрдө алууну киргизүү сунушталууда. Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) буга чейин деле бул мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII жана VIII чакырылышынын депутаттарына бир нече жолу кайрылган, жана ушуга байланыштуу анын андан аркы конструктивдүү каралышына көмөктөшүүгө үмүттөнөт, бул бизнес-коомчулук үчүн да, жалпысынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн да маанилүү. Экспертиза мурда ввоз кылынган жана колдонулуп жаткан мопеддерди легалдаштыруу механизмдерин бир мезгилде киргизбестен, ошондой эле тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктөрү боюнча айдоочуларды даярдаган автомектептердин тармагын кеңейтпестен Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда жарандардын иштөө менен байланышкан социалдык-экономикалык тобокелдиктерин баалоо максатында даярдалды. ЭИКтин мүчөлөрү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, мототранспортту колдонууну тартипке келтирүүгө жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн бирдиктүү эрежелерди түзүүгө багытталган мыйзам долбоорунун максаттарын колдошот. Ошону менен бирге, сунушталган ченемдерге жүргүзүлгөн талдоо алардын сунушталган редакцияда ишке ашырылышы жарандардын маанилүү категориясы үчүн олуттуу социалдык-экономикалык кесепеттерге алып келиши жана мыйзамды ишке ашырууда бир катар практикалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин көрсөтөт.


1. Мопеддер менен мототранспорттун социалдык-экономикалык ролу
Курьердик кызматтар рыногунун катышуучуларынан алынган маалыматтарга ылайык, учурда Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн мопеддерди жана аз кубаттуу мототранспортту колдонгон 7 миңден ашык курьер бар. Жеткирүү кызматтары коомдук тамактануу, дүкөндөр, маркетплейстер, дарыканалар тармагы үчүн шаардык логистиканын инфраструктурасы болуп саналат. Мындай колдонуучулардын көпчүлүгү үчүн мопеддер жеке жүрүү-туруу каражаты эмес, экономикалык активдүүлүктүн куралы болуп саналарын белгилей кетүү маанилүү. Негизги колдонуучулар болуп: студенттер; толук эмес иш менен камсыз болгон жарандар; коомдун социалдык жактан аярлуу катмарынын өкүлдөрү; жеткирүү тармагында кошумча иш менен алектенген адамдар саналат. Мопеддер бул категориядагы жарандарга кирешеге ээ болууга жана ири шаарлардагы транспорттун жогорку жүктөлүшү шартында мобилдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Көптөгөн жаштар жана өлкө ичиндеги эмгек мигранттары үчүн курьердик иш жеткиликтүү иш менен камсыз болуунун бир нече формасынын бири болуп саналат. Мындан тышкары, мопеддер шаардык транспорттун эң үнөмдүү жана экологиялык таза түрлөрүнүн бири болуп саналат, бул жол инфраструктурасына жана транспорт агымдарына түшкөн жүктү азайтат.


2. Социалдык-экономикалык кесепеттер
Бул транспорт түрүн башкарууга уруксат берүү эрежелерин кескин өзгөртүү жарандардын олуттуу санынын иш менен камсыз болуу жана киреше маселелерине түздөн-түз таасир этет жана төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн: миңдеген жарандардын кирешесин жоготушу; чакан жана орто бизнес үчүн логистиканын наркынын өсүшү; жеткирүүнүн кымбатташынан улам товарлар менен кызматтардын баасынын жогорулашы; тейлөө экономикасы секторундагы жумуш орундарынын кыскарышы; салык түшүүлөрүнүн азайышы. Курьердик иш менен камсыз болуу рыногунун көлөмү керектөөчүлүк экономиканын көлөмүнө түздөн-түз таасир этет, жана мыйзамдын учурдагы түрүндө кабыл алынышы бардык байланыштуу тармактарга жана алардан түшкөн салык түшүүлөрүнө таасир этүүчү домино эффектин жаратышы мүмкүн.


3. Окутуу инфраструктурасынын чектелгендиги (A1 категориясы)
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, мопеддерди башкаруу үчүн A1 категориясындагы айдоочулук күбөлүгүнүн болушу милдеттүү деп каралат. Бирок учурда өлкөдө A1 категориясы боюнча окутуучу автомектептердин саны чектелген, бул айдоочулук күбөлүктөрүн тез алуу үчүн институционалдык тоскоолдукту жаратат. Мыйзам жакынкы убакытта күчүнө кирген учурда, тиешелүү автомектептердин жоктугунан улам мопед колдонуучуларынын олуттуу бөлүгү керектүү айдоочулук күбөлүктөрүн тез арада ала алышпайт. Натыйжада мопеддерди киреше табуу үчүн колдонгон жарандардын олуттуу бөлүгү узак мезгилге эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн иш жүзүндө ажырайт, бул миңдеген үй чарбалары үчүн киреше булагынын жоголушуна алып келиши мүмкүн.


4. Учурдагы мопеддерди каттоо көйгөйү
Мопеддердин көпчүлүгү каттоо талап кылынбаган мезгилде өлкөгө алып кирилген. Тиешелүүлүгүнө жараша: ээлеринде техникалык паспорттор жок; техниканын келип чыгышын тастыктоочу документтер жок; бирдиктүү эсепке алуу стандарты жок. Эгерде мыйзам легалдаштыруу механизмисиз киргизилсе, ээлердин олуттуу бөлүгү мыйзамды сактоого умтулгандыгына карабастан, транспортту каттай алышпай калат. Бул төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн: транспортту көлөкө колдонуунун өсүшүнө; коопсуздукту чыныгы жогорулатпастан айыптарактардын санынын көбөйүшүнө; айдоочулар менен көзөмөлдөөчү органдардын ортосундагы чыр-чатактарга.5. Эл аралык тажрыйба
Мопеддерди жана ушул сыяктуу транспорт каражаттарын милдеттүү каттоого натыйжалуу жана коомдук жактан кабыл алынуучу өтүүнү камсыз кылуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн жана ачык-айкын каттоо эрежелерин каралоо максатка ылайыктуу. Бул бөлүктө мындай транспорт каражаттарын милдеттүү каттоону киргизүү жеке күбөлүктү жана транспорт каражаты боюнча документтерди, ал эми алар жок болгон учурда — ачык булактардан тастыкталган техникалык мүнөздөмөлөрдү камтыган минималдуу талаптар топтому менен коштолгон Казакстан Республикасынын тажрыйбасын колдонуу сунушталат. Мындай мамиле транспорт каражаттарын легалдаштырууга, иш менен камсыз болуусун сактап калууга жана терс социалдык кесепеттерден качууга мүмкүндүк берген.


Сунушталган чечимдер
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу — шексиз артыкчылык. Бирок натыйжалуу жөнгө салуу эмгек рыногунун, инфраструктуранын жана ишкердик чөйрөнүн чыныгы шарттарын эске алышы керек. Акыркы жылдары жеткирүү кызматтарынын жана шаардык логистиканын өнүгүшү заманбап тейлөө экономикасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Бул сектор коомдук тамактануу, электрондук коммерция жана чекене соода тармактарында олуттуу жүгүртүүнү түзөт, ошондой эле рестораттардын, дүкөндөрдүн жана тейлөө платформаларынын ишмердүүлүгү аркылуу салык түшүүлөрүн камсыз кылат. Курьердик инфраструктуранын ишмердүүлүгүн чектөө чакан жана орто бизнестин жүгүртүүсүнө, иш менен камсыз болуу деңгээлине жана бюджетке түшкөн салык түшүүлөрүнүн көлөмүнө кыйыр таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан жаңы эрежелерге бир эле учурда: жолдордогу коопсуздук деңгээлин жогорулатууга; жумуш орундарын сактап калууга; жарандар менен бизнес үчүн ашыкча административдик жүк түзбөөгө мүмкүндүк бере турган жылмакай жана ойлонуштурулган өтүүнү камсыз кылуу маанилүү. Ушуга байланыштуу Эл аралык Ишкер Кеңештин мүчөлөрү жөнгө салуунун жаңы талаптарына жылмакай өтүүнү камсыз кылуу максатында төмөнкү чараларды каралоону максатка ылайыктуу деп эсептешет:


1. Өтмө мезгил
Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып, A1 категориясындагы айдоочулук күбөлүгүнүн болушу жана мопеддерди мамлекеттик каттоо талаптары айыптык санкцияларды колдонбостон колдонула турган, узактыгы кеминде 12 айдан турган өтмө мезгилди белгилөө.


2. Мурда ввоз кылынган мопеддерди каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
Мыйзам күчүнө кирген учурга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ввоз кылынган мопеддер үчүн техникалык паспорт жок болгон учурда каттоого мүмкүндүк берген жөнөкөйлөтүлгөн каттоо тартибин каралоо, төмөнкүлөрдүн негизинде: рама идентификациялык номери (VIN) же кыймылдаткыч номери; ээсинин транспорт каражатына иш жүзүндө ээлик кылуусу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы.


3. A1 категориясын алуу үчүн адаптациялык мезгил
Өтмө мезгил ичинде айдоочу A1 категориясындагы айдоочулук күбөлүгүн алууга окутуу же даярдоо тутумунда катталган шартта мопеддерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн каралоо. Жөнгө салуунун этап-этабы менен жүргүзүлүшү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу менен бир эле учурда калыптанган экономикалык экосистеманы бузбоого мүмкүндүк берет. Эл аралык Ишкер Кеңеш бул тармактагы жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен андан аркы эксперттик диалогго даяр экендигин билдирет жана сунушталган чаралардын практикалык жүзөгө ашырылышынын механизмдерин талкуулоого катышууга ачык.


Жаңылыктар