ЭИК жаңылыктары

ЭИК салык саясаты жана администрлөө маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү

ЭИКтин тегерек столуна мамлекеттик органдардын, бизнестин жана салык эксперттеринин 100дөн ашык өкүлү чогулуп, Салык кодексин колдонуунун практикалык маселелерин талкуулашты жана мамлекеттин фискалдык кызыкчылыктары менен бизнес үчүн болжолдонуучу шарттардын ортосунда тең салмактуулукту табууга аракет кылышты.

Жарыяланган датасы: 2 Апрель 2026
ЭИК салык саясаты жана администрлөө маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү
ЭИК, 2026-жылдын 2-апрели. Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 2-апрелде Бишкекте «Салык саясаты жана салык администрлөө: мамлекет менен бизнестин диалогу» аттуу тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык жана отандык компаниялардын, ошондой эле салык жана юридикалык эксперттердин 100дөн ашык өкүлү катышты. Куттуктоо сөзү менен ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов чыгып сүйлөшттү. Тегерек столду өткөрүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин практикада колдонууда бизнесте пайда болгон көптөгөн суроолорго, ошондой эле талкууланып жаткан салык мыйзамдарына жана салык администрлөө мамилелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу болду. ЭИК ар кайсы тармактардагы компаниялардан салык саясатынын жана аны колдонуу практикасынын айрым аспектилерин талкуулоого көмөктөшүү өтүнүчү менен туруктуу кайрылууларды алып турат. Ушуга байланыштуу бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда ачык кесиптик диалог өткөрүү өз убагындагы жана суроо-талапка ээ маселе болуп саналат. Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү салык саясаты жана администрлөө тармагындагы бизнестин актуалдуу суроолоруна жооп беришти. Салык текшерүүлөрүн жана салык администрлөөнү жүргүзүү, туумдарды эсептөө жана салык карызын төлөө тартиби, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесин (рынок баасы) колдонуу практикасы, санарип кызматтарды жана чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр менен операцияларды салык менен алуу, экономиканын айрым секторлорундагы салык жөнгө салуусун өркүндөтүү боюнча бизнестин сунуштары, ошондой эле акциздик саясат маселелери каралды. ЭИК буга чейин деле «Кыргызстан бизнеси үчүн 2025-жылдын айрым жыйынтыктары» аттуу аналитикалык документинде бизнеске фискалдык жүктүн күчөшүнө көңүл бурган: атап айтканда, кошумча эсептелген салыктардын суммасы 2024-жылы 29,3 млрд сомго жеткени (2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 2 эсе өсүш) жана 2025-жылдын 8 айында 21 млрд сомдон ашкандыгы, ал эми эсептелген туумдардын көлөмү 2024-жылы 25,3 млрд сомду түзгөнү (2020-жылдан бери 10 эседен ашык өсүш) жана 2025-жылдын 8 айында 33,84 млрд сомго жеткени (2020-жылдан бери 13 эседен ашык өсүш) белгиленген. Ушуга байланыштуу салык саясатынын жана укук колдонуу практикасынын болжолдонушун камсыз кылуу, ошондой эле салык администрлөөгө тең салмактуу мамиле түзүү маселелери өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Иш-чаранын өзүнчө бөлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн практикасын жана салык маселелерин жөнгө салуунун эл аралык мамилелерин камтыган салык саясаты жана салык администрлөө боюнча эл аралык тажрыйбанын презентациясы болду. Тегерек стол салык администрлөөнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга, жөнгө салуучу тобокелдиктерди азайтууга жана тең салмактуу чечимдерди иштеп чыгууга багытталган мамлекет менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалог үчүн платформа болду. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча андан аркы иштеп чыгуу үчүн негизги багыттар аныкталды, анын ичинде салык мыйзамдарынын айрым ченемдерин өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө. ЭИК бул иш-чараны Кыргыз Республикасында болжолдонуучу жана туруктуу салык чөйрөсүн калыптандырууга

Жаңылыктар