Кыргызстанда бизнес менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасынын ишмердүүлүгү кайра жанданды. 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жанындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин (Бизнес Кеңешинин) отуруму болуп өттү. Бизнес-коомчулук Кеңештин алкагында андан аркы өз ара аракеттенүүгө көп үмүт артат. Отурумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев төрагалык кылды, ошондой эле Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев, Жогорку Кеңештин депуттары, профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана бизнес-коомчулук катышты. Эл аралык Ишкер Кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Кыргыз Республикасында ишкердик чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери: учурдагы кырдаал жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр» аттуу баяндама менен чыгып сүйлөдү. Учурда Кыргызстандын экономикасы бир жагынан туруктуу өсүштү көрсөтүп жатса, экинчи жагынан ишкердик чөйрөнүн жана инвестициялык климаттын сапатына байланыштуу системалык кыйынчылыктар күчөп жатат. «Тышкы жана ички инвестор бүгүн алып жаткан негизги сигнал салык ставкалары же айрым жеңилдиктер жөнүндө эмес, институттардын сапаты, оюн эрежелеринин болжолдонушу жана алардын бирдей аткарылышы жөнүндө», — деп билдирди ЭИКтин жетекчиси Аскар Сыдыков. Акыркы жылдары Кыргызстандын бир катар негизги эл аралык көрсөткүчтөр боюнча позициялары — эң алды мыйзамдын үстөмдүгү, коррупцияны кабылдоо, институттарга ишеним бөлүктөрүндө — көбүнчө төмөндөө тенденциясына ээ болуп жатат. Бул өлкө үчүн капиталдын наркына, инвесторлордун узак мөөнөттүү долбоорлорго кирүү даярдыгына жана ички бизнестин өзүнүн жүрүм-турумуна түздөн-түз таасир этет. Натыйжада бизнес кыскараак мөөнөттө иштей баштайт, инвестициялык активдүүлүктү азайтат жана коргоочу стратегияларга өтөт. Ошону менен бирге, Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөрдүн күчтүү терезеси бар. Өлкө ийкемдүү ишкердик сектору, жакшы географиялык абалы жана инвестициялар менен соода үчүн аймактык платформа боло турган потенциалы бар салыштырмалуу ачык экономика бойдон калууда. «Бирок бул потенциалды ишке ашыруу үчүн чекиттик колдоо чараларынан ишкердик чөйрөнү системалык жакшыртууга өтүү керек. Ал эми мында негизги роль так эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык — мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөгөн мыйзам чыгаруучу институт катары», — деди ЭИКтин жетекчиси, бизнестин пикири боюнча тез жана системалык эффект бере турган эки артыкчылыктуу багытты сунуштап. Биринчиси — эл аралык рейтингдер менен башкаруу куралы катары иштөө. Сөз рейтингдер үчүн жарышуу жөнүндө эмес, аларды реалдуу көйгөйлөрдү чагылдырган объективдүү координаталар системасы катары колдонуу жөнүндө болуп жатат. Мыйзамдын үстөмдүгү, коррупцияны кабылдоо, жөнгө салуунун сапаты сыяктуу эл аралык индекстер тутумдун так кайсы жеринде бузулуп жатканын көрсөтөт. Артыкчылыктуу рейтингдер менен көрсөткүчтөрдү аныктап, аларды мамлекеттик саясаттын багыттары катары бекитүү сунушталат. Бул көрсөткүчтөрдү жакшыртуу — абстрактуу маселе эмес. Бул бизнестин транзакциялык чыгымдарынын азайышы, ишенимдин жогорулашы жана инвестициялардын өсүшү дегенди билдирет. Экинчи багыт — карама-каршы ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу. Бүгүнкү күндө ишкердик чөйрө акыркы жылдары фрагменттик түрдө жана көбүнчө рынок экономикасынын принциптерине карама-каршы калыптанган ченемдик жөнгө салуу менен көп жүктөлгөн. Мисалы, экономикалык ишмердүүлүктүн 9 тармагында толук же жарым-жартылай мамлекеттик монополия үчүн шарттар түзүлгөн. Бизнес акыркы беш жылда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды рынок экономикасынын принциптерине шайкештиги, ашыкча мамлекеттик кийлигишүүгө жол бербөө жана атаандаштык принциптерин сактоо жагынан комплекстүү ревизиядан өткөрүүнү сунуштайт. Бул иштин максаты — түшүнүктүү, логикалык жана болжолдонуучу ченемдик чөйрөнү калыптандыруу. Бул инвестициялар үчүн атаандаштык дүйнөлүк деңгээлде күчөп жаткан учурдагы шарттарда өзгөчө маанилүү. Парламент ишкердик чөйрөнү калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Жана бүгүн бул ролду күчөтүү мүмкүнчүлүгү бар — мыйзам долбоорлорун баалоого системалуураак мамиле кылуу, алардын ишкердик ишмердүүлүккө тийгизген таасирин эске алуу жана бизнес-коомчулук менен туруктуу диалог түзүү аркылуу. Бизнес Кеңеш мыйзам чыгаруу демилгеси менен бизнестин практикасын байланыштырган, системалык тоскоолдуктарды тез аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берген платформа боло алат. Мындан тышкары, бизнес акыркы жылдары мамлекеттик органдардын негизсиз аракеттеринин натыйжасында ишкерлер тарткан зыянды баалай турган жана аны компенсациялоо боюнча тиешелүү сунуштарды киргизе турган депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайт. «Бүгүн милдет жөн гана бизнести колдоо эмес, бизнеске өсүүгө, инвестиция салууга жана узак мөөнөттүү келечекте иштөөгө пайдалуу болгон институционалдык чөйрөнү калыптандыруу болуп саналат», — деп жыйынтыктады Аскар Сыдыков. ЭИК Кыргызстанда ишкердик чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуштардын долбоорлорун иштеп чыкты. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн тартипке келтирүү жана парламенттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине ишкердик чөйрө жана инвестициялык климаттын актуалдуу маселелерин кароо, бизнес-коомчулуктун сунуштары менен демилгелерин угуу үчүн профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен айына бир жолу «ишкердик саат» өткөрүү практикасын киргизүү сунушталды. Бизнес Кеңештин отурумунда ошондой эле мамлекеттик-жеке диалогду жана жөнгө салуу саясатын бекемдөө жолдору, Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамын колдонуу, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына түзөтүүлөрдүн долбоору, электр заряддоо станцияларын жайгаштырууда атаандаштык чөйрөсүн коргоо жана башка маселелер каралды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча бизнес-коомчулуктун негизги сунуштары белгиленген тартипте ишке ашырыла турган Кеңештин протоколуна киргизилди. Талкууларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.