Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен биргеликте дайындалган Элчи Висенте Солера Дьюкардын катышуусунда бизнес-эртең мененки тамак уюштурду. Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, британ инвестицияларын тартуу жана экономиканын ар түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Иш-чарага тоо-кен, туризм, финансы жана өндүрүш тармактарынын, консалтинг жана маалыматтык технологиялар чөйрөлөрүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги болду.
Висенте Солера Дьюкар өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, британ инвестицияларын тартууга жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүү болорун белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жана тоо-кен, финансы жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле капитал рыногун өнүктүрүүнүн жана инфраструктуралык жана социалдык маанилүү долбоорлорду каржылоонун келечегин талкуулашты.Улуу Британиянын экспорттук-кредиттик агенттиги — UK Export Finance (UKEF) сунуштаган каржылоо инструменттерине өзгөчө көңүл бурулду.
Бул инструменттер каржылоону тартуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандагы британ компаниялары менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.Катышуучулар ошондой эле жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү өз ара кызматташуунун келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоодо Кыргыз-Британ ишкерлер кеңешинин (Kyrgyz-British Business Council) ролун карап чыгышты.
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен бөлүшүп, ишкердик жүргүзүүдөгү актуалдуу маселелерди жана инвестицияларды тартуунун келечектүү багыттарын белгилешти.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Жаңылыктар
ЭИК Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйынына катышты
6-октябрда ЭИКтин аткаруучу директору, Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары…
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…