ЭИК жаңылыктары
ESG — туруктуу өнүгүү жана бизнестин тобокелдигин башкаруу куралы катары
Астанада өткөн Аймактык Экологиялык Саммитте (RES 2026 Expo) ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстандын ESG күн тартибин өнүктүрүүдөгү тажрыйбасын тааныштырып, ассоциациянын бизнеске туруктуулукту атаандаштык артыкчылыкка айлантууга кантип көмөктөшүп жатканы жөнүндө айтып берди.
2026-жылдын 27-апрели эл аралык Ишкер Кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков 23-25-апрель күндөрү Астанада өткөн Аймактык Экологиялык Саммиттин (RES 2026 Expo) алкагындагы жумушчу сессияда сүйлөдү. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, туруктуу өнүгүү жана аймактык кызматташтык маселелерине арналды. ЭИКтин жетекчиси аймактык ESG кызматташтыгынын ийгиликтүү практикалары, ошондой эле Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун аларды өнүктүрүүгө болгон көз карашы жөнүндө айтып берди. «Инвесторлордун көз карашы боюнча, Борбордук Азия аймагы бирдиктүү рынок, бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары каралат, жана чечимдер улам көбүрөөк аймактык деңгээлде кабыл алынууда. Ошондуктан туруктуулук экономикалык факторго айланууда», — деп белгиледи Аскар Сыдыков өз сөзүндө. ЭИК жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжалары боюнча, Кыргызстандын бизнеси ESGди өнүктүрүү куралы катары карайт, мында негизги драйверлер — инвесторлор жана өнөктөштөр. ESGди бизнес-практикага интеграциялоо каржылоого жана жаңы рынокторго жетүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт. «Бизнес бүгүн ESG кайрымдуулук эмес, натыйжалуу тобокелдикти башкаруу экенин түшүнүп жатат», — деп белгиледи Аскар Сыдыков. Сессиянын алкагында ошондой эле «жашыл» стимулдарды жайылтуу боюнча Борбордук Азия платформасынын ишинин натыйжалары тааныштырылды. Платформа Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын бизнесин, экологиялык жана эксперттик коомчулугун бириктирип, практикалык тажрыйба алмашуу, чечимдерди иштеп чыгуу жана эл аралык ESG-мамилелерди аймактык контекстке ыңгайлаштыруу үчүн платформа катары кызмат кылат. Платформа ESGди киргизүүнүн практикалык куралдарын түзүүгө жана аймактагы бизнес үчүн тоскоолдуктарды азайтууга багытталган. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын экология жана туруктуу өнүгүү тармагындагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган «Борбордук Азиянын экологиялык ынтымагы» аттуу Биргелешкен декларациясы кабыл алынды.
Жаңылыктар
МДС CIPEнин аймактык конференциясында бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча ыкмаларын тааныштырды
МДС Ереванда өткөн CIPEнин аймактык конференциясында Кыргызстандагы бизнес-адвокация тажр…
Диалогдон долбоорлорго: Прагада Борбордук Азия менен Борбордук Европанын кызматташтыгы талкууланды
19-сентябрда Прага шаарында МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «Central Europe, BRI…
МДСтин мүчөлөрү КРнын Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты
18 сентября 2026 года в здании Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики с…
Бизнес-коомчулук Кыргыз Республикасына дайындалган Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
2026-жылдын 16-сентябрында Эл аралык ишкерлер кеңеши Улуу Британиянын Элчилиги менен бирг…