ЭИК жаңылыктары

ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды

2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жанындагы Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отурумуна катышты. Отурумга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкарбек Акназаров төрагалык кылды.

Жарыяланган датасы: 16 Июнь 2026
ЭИК Кыргызстанда бизнести жана инвесторлорду коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө чакырды
2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жанындагы Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отурумуна катышты. Отурумга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкарбек Акназаров төрагалык кылды. Отурумга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, ЖК депуттары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар боюнча агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратуранын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Бизнес-коомчулуктун атынан сүйлөгөн Аскар Сыдыков Консультативдик кеңештин ишинин улантылганын жактыруу менен, бул платформанын мамлекеттик органдар менен ишкердик сектордун ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Бизнес үчүн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча системалык маселелерди ачык талкуулай турган туруктуу жана натыйжалуу платформанын болушу өтө маанилүү. Биз Консультативдик кеңештин активдүү ишинин кайра жанданышын жактырабыз жана өлкөнүн инвестициялык жана ишкердик климатын жакшыртууга багытталган чечимдерди ишке ашырууга катышууга даярбыз», — деп белгиледи Аскар Сыдыков. Отурумда ЭИК бизнес-коомчулук иштеп чыккан бир катар сунуштарды тааныштырды. Атап айтканда, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде коомдук талкуунун мөөнөттөрүн сактоо, жөнгө салуучу таасирге талдоо (ЖСТ) жүргүзүү, ошондой эле бизнестин өкүлдөрүнүн ченем чыгаруу процессине толук кандуу катышуусун камсыз кылуу сунушталды. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун калыс атаандаштык жана рынок экономикасынын принциптерине шайкештигин баалоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. ЭИК ошондой эле ишкердик субъекттери үчүн кошумча милдеттенмелерди белгилөөнү караган прокурордук таасир этүүнүн айрым актыларынын аткарылуу практикасы боюнча маселени көтөрдү. Бизнес өкүлдөрү айрым талаптардын аткарылышы жана алардын колдонуудагы мыйзамдарга шайкештиги боюнча суроолор менен туруктуу кайрылып жаткандыгы белгиленди. Укук коргоо органдарынын негизсиз кысымынан ишкерлерди коргоо маселелерин талкуулоо алкагында ЭИК мыйзамсыз кылмыш иштерин козгоо, негизсиз кармоо, камакка алуу, документтерди алып коюу жана бизнестин ишине терс таасир этүүчү башка аракеттердин натыйжасында өлкөнүн экономикасына келтирилген экономикалык зыянга талдоо жүргүзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, экономикалык кылмыштар боюнча «бирдиктүү тергөө органы» принцибин киргизүүнү жана укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун сандык көрсөткүчтөрүнөн баш тартууну камтыган, ишкерлердин менчик укуктарын коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын андан ары ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди. Узак убакыттан бери процесстик жактан аяктабай келе жаткан экономикалык мүнөздөгү кылмыш иштерине мониторинг жүргүзүү өзүнчө сунуш болду. Бизнестин пикири боюнча, мындай кырдаалдар ишкерлер үчүн укуктук белгисиздикти жаратат жана чарбалык субъекттерге андан ары кысым көрсөтүү тобокелдиктерин сактайт. Эл аралык Ишкер Кеңеш Консультативдик кеңештин отурумунда сунушталган Иш-чаралар планын колдоого алгандыгын билдирди жана аны мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун башка өкүлдөрү менен биргеликте практикалык жактан ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады. «Менчик укуктарын натыйжалуу коргоо, укуктун үстөмдүгү жана жөнгө салуунун болжолдонушу инвестицияларды тартуу, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн негизги шарттар болуп саналат», — деп белгиледи Аскар Сыдыков отурумдун жыйынтыгы боюнча.

Жаңылыктар

ЭИК жаңылыктары 16 Июнь 2026

Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү

2026-жылдын 16-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Түркия-Кыргыз ишкерлер кеңеши (ТҮКИД) …

ЭИК жаңылыктары 12 Июнь 2026

ЭИК IBC Summer Fest 2026до Кыргызстандын бизнес-коомчулугун бириктирди

2026-жылдын 12-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) 400дөн ашык бизнес, мамлекеттик органд…

ЭИК жаңылыктары 3 Июнь 2026

Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Королдугунун Элчиси менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусу болуп өттү

2026-жылдын 3-июнунда Эл аралык Ишкер Кеңеш (ЭИК) Кыргыз Республикасындагы Нидерланды Кор…

ЭИК жаңылыктары 25 Май 2026

Күчтүү экономика чектөөлөр аркылуу эмес, атаандаштык, ачык-айкындуулук жана мыйзамдын үстөмдүгү аркылуу курулат

ЭИК, 2026-жылдын 25-майы. Кыргызстандын бизнес-коомчулугу «Кыргыз Республикасынын «Баа тү…