Журналистика / Статьи участников Клуба /
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИШКЕРЛЕР ГЛОБАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮККӨ ДАЯРДАЛАТ

Зирек Асанова
29 апреля 2019

Cеминар 25-апрелде Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги тарабынан АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (USAID) каржылоосу менен өткөрүлдү.

Кыргызстандын 300гө жакын ишкери катышкан бул иш-чара башында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу мырза сөз сүйлөп, анын олуттуулугуна токтолсо, журналисттердин суроолоруна мындайча жооп берди:

— Кыргызстанда инвесторлор аз, биз болсо байланыштын кеңири болушун каалайбыз. Чынын айтканда, көптөгөн бизнесмендер Кыргызстан тууралуу жакшы билишпейт. Мен болсо, бул жерде бизнес үчүн көп жылдан бери топтолгон потенциал бар, деп ойлоймун. Бул семинар чет өлкөлүк инвесторлор менен канткенде дурустап иштөөгө боло турганына түшүнүк берет. Ошондой эде биз Кыргызстандын Президенти тарабынан ишкерлердин ишин алдыга жылдыру жагындагы жарлыктарын колдойбуз. Бул жерде бир топ инвестициялар жана соода иштери болот.

— Кыргызстанда чоң потенциал бар, алар – жаштар, билимдүү адамдар, гидро-энергетика, минералдык ресурстар, анын үстүнө, сиздер мыкты соодагерсиздер. Дегеним, бул жерде кылымдар бою Улуу Жибек Жолу орун алган.

— Ал эми биздин бул иштерибиз ущул жылдын октябрь айында боло турган кеңири алкактагы ЭКСПОго даярдык. Күтүлүп жаткан бул иш-чарада франчайзинг жана сооданы уюштуруу маселелерине атайын жана кыйла көңүл бурулат.”

Семинарда бизнес-пландарды иштеп чыгуу, интеллектуалдык менчикти коргоо, корпоративдик башкаруу, келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, керектүү деңгээлдеги этияттык жана пикир сунуштоо маселелери каралып, АКШдан келген ишкер, бмзнес кеңешчи жана экономист Виктория Сильченко жана Кыргызстандын ити чөп жеп жаткан ишекерлери дагы иш-тажрыйбалары менен бөлүштү.

Виктория Сильченко айым менен маек өзүнчө макала болмокчу.

Зирек Асанова, Бишкек шаары