Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
АКШ доллары акчаны «байпакка жыйноодон» кымбаттап жатат

Марал Радиосу
6 июль 2015

Кыргызстанда АКШ долларынын баасы инфляция, экономиканын токтоп калышынан эмес, бай адамдардын бул валютаны сатып алып, “байпагына” катып койгондуктан улам жогорулоодо. Мындай пикирин Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыгулов “Кабар” агенттигине билдирди.

“Анткени алар Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин баалар кескин өсүп, АКШ долларынын баасы да жогорулайт деп ойлошуп, долларды көп сатып алып коюшууда. Бирок өлкөбүз ЕАЭБге толук бойдон киргенден кийин валюта рыногундагы абал кандай болорун эч ким так айта албайт. Балким, АКШ долларынын баасы ылдыйлап кетиши да мүмкүн. Цивилизациялуу мамлекеттерде чет элдик жана улуттук акчалар банктарда гана сакталып, дайыма жүгүртүүдө болот. Тилекке каршы бизде андай эмес, байлар “байпагына” катып алышат” дейт Темирбек Ажыгулов.

Ишкерлер кеӊешинин директору акчага жасалган мындай мамилени туура эмес деп эсептейт. Адистин айтымында мындан мамлекет, жалпы эл эмес, алар өздөрү да утулушат.

Кошумча айта кетсек, Кыргызстанда туристтик сезон башталып, чет элдик валюта көп келе баштаган менен АКШ долларынын баасы улам жогорулап, бүгүнкү күндө Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында 62,2 сомго сатылууда.

http://maralfm.kg/kabarlar-news/kush-kabarlar/29015-aksh-dollary-akchany-bajpakka-zhyjnoodon-kymbattap-zhatat.html