Биз тууралуу /
Биз тууралуу

ЭИКтин тарыхы

2000-жылдын декабрында чет өлкөлүк инвесторлордун формалдуу эмес клубу – Эл аралык ишкерлер кеңеши түзүлгөн. Өзүнүн катарын кеңейтүү жана ишмердүүлүгүн мыктылоо менен ЭИК туруктуу беделдүү уюмга чейин өстү, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү капиталдын катышуусу менен экономиканын ар кайсы тармактарында иш-аракеттерин жүргүзүшкөн 110гө жакын алдыңкы компанияларды бириктирет. Биздин мүчөлөрүбүздүн арасында белгилүү ата мекендик брэнддерди көрсөтүшкөн ири салык төлөөчүлөр бар.

ЭИКтин максаттары

Кыргызстанда инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөсүн жакшыртуу

Мамлекеттик бийлик органдарына (КР Президентинин Аппаратына, КР Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө) бизнес-коомдоштуктарынын пикирлерин көрсөтүү

ЭИКтин ишмердүүлүгү

ЭИКтин ачык жыйындары, ЭИКтин комитеттеринин отурумдары жана тегерек столдору бизнести тынчсыздандырган маселелерди талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.

ЭИКте минералдык ресурстар боюнча, инвестициялар боюнча, салык, бажы жана Социалдык фонд боюнча, интеллектуалдык менчик боюнча, туруктуу өнүктүрүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча, адам ресурстарын башкаруу боюнча 6 комитет иштейт.

Өкмөт менен өз ара активдүү аракеттешүү менен, ЭИК төмөндөгүлөрдүн мүчөсү болуп саналат:

Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин;

КРнын Өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин;

Мамлекеттик менчик объектилерин сатуу боюнча аукциондорду даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын;

КРнын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентттигинин алдындагы жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссиясынын;

Министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы жыйырмадан ашык коомдук байкоочу кеңештердин (КБК);

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын берүү боюнча кеңешинин, ошондой эле башка комиссиялардын, комитетттердин, жумушчу топторунун жана кеңештердин.

ЭИКтин продуктылары

«Бүгүнкү инвестициялар» басылмасы

ЭИКтин ай сайын чыгуучу «Мыйзам сереп» бюллетени

Инвестициялык изилдөө – жылына эки жолу жүргүзүлөт

«ЭИК иш-чаралары» ай сайын чыгуучу бюллетень

Жаңылыктардын жумалыгы

ЭИКтин веб-сайты

ЭИКтин өнөктөштөрү

Биз Кыргызстандын башка бизнес ассоциациялары менен – Жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргызстандын ишкерлер бирлиги, КР Соода-өнөр жай палатасы, Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы, Банктар бирлиги, Америка соода палатасы, Кыргыз туроператорлор ассоциациясы жана көптөгөн бизнес-ассоциациялар менен тыгыз кызматташып турабыз.

Биз ЕККУ, ЮСАИД, БУУӨП, ЭФК, ДБ, ЕӨРБ, АӨБ, GIZ ж.б. сыяктуу эл аралык донордук уюмдар, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана ӨЭУлар менен иштейбиз.

ЭИКтин ийгиликтеринин тарыхы

Кыргызстандагы тоо-кен тармагын, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдардын пакетин иштеп чыгууга активдүү катышуу;

Компаниянын үлүшүнүн 20%ын мамлекетке бекер берүүгө тоо-кен компанияларын милдеттендирген «Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобонун» 132-беренесин жокко чыгаруу;

Ишкерлердин абалын жакшыртуучу текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;

«Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» КР Мыйзамынын аракетин токтотуу;

КР Салык кодексинин 217-беренесине киргизилген түзөтүүнү жокко чыгаруу, ага ылайык салык төлөөчүлөр пайда салыгына квартал сайын түшкөн акчанын 1% өлчөмүндө кошумча сумманы төлөп турууга тийиш.

ЭИКке кантип кошулууга болот?

ЭИКтин миссиясын колдогон ар бир кампания биздин корпоративдик же ассоциативдик мүчөбүз боло алат.

Биз жөнүндө көптү билгиңиз келеби? Анда биздин веб-сайтка кириңиз же биз менен төмөнкү дарек боюнча байланышыңыз:

Тел./факс: +996 312 623394

Тел.: +996 312 623679, 623801

Моб.: +996 554 24 55 55

Кыргыз Республикасы, 720011 Бишкек ш.

Абдрахманов к., 191, Хаятт Ридженси Бишкек

№ 113-114 кеңселери

Website: http://ibc.kg

E-mail: office@ibc.kg