Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Брюссел Бишкекке кайрадан ишенич артууда

Азаттык
10 июль 2019

Бишкекте өткөн «Евробиримдик - Борбор Азия» форумунда кызматташтыктын жаңы стратегиясына өзгөчө көңүл бурулганы айтылууда.

Кыргызстан Европа мамлекеттери менен демократияны бекемдөөдө, экономикалык кызматташтыкты көтөрүүдө эмне үчүн жигердүү иштеше албай жатат? Дегеле Кыргызстан Евробиримдик менен кайсы багыттарда алаканы күчөтүшү керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, саясий серепчи Кубан Абдымен, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков катышты.

«Азаттык»: - Талант мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери Евробиримдиктеги мамлекеттер менен кызматташтыгынын денгээли кандай болду? Саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардан алганда Кыргызстан Европадан эмне алды? Биз аларга эмне бере алдык?

Талант Кушчубеков: - Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Евробиримдикке кирген өлкөлөр үчүн Борбор Азиядагы эң кызыктуу өлкө болду. Анткени Кыргызстандын демократияга умтулушу, атаандаштыкка жол ачкан экономиканы тандаганы, биринчи президенттин кадамдары, ошол учурдагы кабыл алынган чечимдер боюнча башка Орто Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып турганы Европаны кайсы бир деңгээлде таң калтырган. Демократиялык шайлоо жолу менен президентти шайлап алганыбыз да алардын көңүлүн бурду. Ким айтканын билбейм, бирок «Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деген бааны Европадан беришти. «Жок, Кыргызстан демократиялык өлкө эмес» деп бир да европалык саясатчы айткан жок. Чындыгында бул чоң баа, чоң жетишкендик болгон. Бул Кыргызстандын дүйнөгө таштаган жемиштүү кадамы десек болот. Бүгүн Кыргызстанда жарандык коом күчтүү деп эсептесек, анда анын башаты эгемендиктин алгачкы жылдарынан башталат. Ошол эле мезгилде Кыргызстан Евробиримдик менен экономикалык кызматташтык боюнча жаңы кадамдарды жасай алган жок. Батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен реформа жасамак болуп PESAK программасы менен ири өнөр жай ишканаларыбызды талкалап алдык. Бул биздин чоң кемчилигибиз, катабыз болду.

«Азаттык»: - Кубан мырза, геосаясий өңүттөн алганда Евробиримдик үчүн Борбор Азия - артыкчылыктуу аймак. Кечээ Бишкекте өткөн «Евробиримдик - Борбор Азия» форумунда жаңы стратегиялык багыттар боюнча макулдашуулар болгону айтылууда. Демек, Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга стратегиялык саясатын өзгөртөт десек болобу?

Кубан Абдымен: - Европа Биримдигинин аймактык маселелерди талкуулаш үчүн Бишкекке келип чоң жыйын өткөргөнү - андагы кабыл алынган чечимдерге, макулдашууларга караганда жаңы кадамдар болот деп айтсак болот. Евробиримдик Борбор Азия менен жаңы стратегиялык кызматташтыкка умтулуу аракетин 2007-2009-жылдары эле баштап, кийин солгундай түшкөн. Акыркы убакта кабыл алынган келишимдерге таянсак Евробиримдиктин стратегиялык саясаты мурдагы жылдардан кескин айырмаланат деп айта албайбыз.

«Азаттык»: - Талант мырза, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини «Евробиримдик Кыргызстанга саясий реформа жүргүзүүгө, анын ичинде сот системасын жаңылоого жардам берет» деп айтты. Деги Кыргызстанга кандай жардам керек? Анткени мурда деле Евробиримдик акчалай, консультациялык жардам берип келген, тилекке каршы натыйжасыз болгону айтылып келет...

Талант Кушчубеков: - ХХ кылымдын 60-70-жылдары Африкада революциялар болуп, жаңы мамлекеттер пайда болгондо Европа «бул континентте эми чоң саясий өзгөрүү, зор өнүгүү болот» деген. Аябагандай көп жардам берилген. Иш жүзүндө Африкадагы бирин-экин мамлекеттерди албаганда анчалык чоң өзгөрүү болгон жок. Ушул тарыхый фактыны карап отуруп, «Кыргызстан өзгөрүүгө даяр болгон жокпузбу, берилген жардамды максатсыз пайдаландыкпы же Батыштын максатын толук түшүнгөн жокпузбу» деген көп суроолор келет. Евробиримдиктин «саясий реформага жардам беребиз» деп жатканы дагы эле чоң суроолорду туудурат. Кандай жардам берет, кайсы максатка жумшалат, натыйжасы кандай болот? Ал жардам биздин эгемендигибизге, коопсуздугубузга кандай таасир этет? Аны ойлонушубуз керек. Евробиримдик Казакстанда, Өзбекстанда бийлик алмашып жатканына байланыштуу жаңы стратегиялык багыттарды белгилеп жатканы түшүнүктүү. Азыр жалпы негизде гана айтылып жатат.

«Азаттык»: - Аскар мырза, Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга «ВСП+» - жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Бул системанын алкагында кыргыз ишкерлери алты жарым миңдей товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Ушундан Кыргызстан эмне пайда тапты?

Аскар Сыдыков: - Экономика министрлигинин статистикасына таянсак Кыргызстандын Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен экспорттук потенциалы канааттандырарлык эмес. Былтыр 30 миллион доллардын тегерегинде товарлар экспорттолгон. Биздин көп мүмкүнчүлүктөр бар, аларды пайдалана албай жатабыз. Бизде лаборатория, сертификациялоо жагында көп маселелер чыгууда. Кыргызстанда азыр 4 лаборатория бар, дагы көбөйүшү керек. Мындан сырткары экспортко чыга турган товар өндүрүүчүлөргө окутуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Эң негизги көйгөй – Кыргызстандагы чыгарылган товарлардын көлөмү жана сапаты да евростандарттын талаптарына жооп бербей, чоң суроолорду жаратууда…

(Талкуунун толук вариантын бул жерден көрүңүз)

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-eu-discussion/30046023.html