Сереп / Макалалар /
Аскар Сыдыков: Кыргыз Республикасында инвестицияларды коргоо жана ишкердик субъектилеринин укугун сактоонун абалы жѳнүндѳ доклад

ЭИК
17 февраль 2020
Скачать файл «Презентация А.Сыдыкова на КРПП_12.02.2020_кырг.pdf»

Докладчы: Сыдыков Аскар Куттубекович, Комитеттин тѳрагасынын орун басары, Эл аралык ишкердик кеӊештин аткаруучу директору.

Кѳйгѳй: Акыркы жылдары ѳлкѳдѳгү инвестициялык климат фискалдык, укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосунда ѳсүп жаткан каршылашуудан кѳз каранды. Бизнес ѳз инвестициялары жана мүлкүнүн корголуу деӊгээлине кабатыр болууда. Акыркы үч жылда жеке менчикти коргоо корсѳткүчү 20 дан 50 упайга чейин түштү.

Бизнес менен бийликтин ѳз ара мамилелериндеги коррупциянын деӊгээли Европы жана Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнѳн кыйла жогору.

Натыйжада биз Кыргызстандын рыногунан ири инвесторлордун чыгып кетүүсүнѳ күбѳ болуп жатабыз. Мында 2017-2018-жылдары аралыгында чет ѳлкѳлүк тике инвестициялардын орточо келиши чыгып кетишинен болгону 2,5% жогору, б.а. инвестициялардын кетишинин денгээли алардын келишин дээрлик жокко чыгарат.

Фактыда чет ѳлкѳлүк тике инвестицияларды тартуу жагында биз ордубуздан жыла албай жатабыз. Бизнес-компаниялардын жетекчилеринин пикиринде инвестициялык жагымдуулуктун тѳмѳндѳѳсүнүн негизги факторлору болуп коррупция, саясий туруксуздук, мамлекттик туруксуздук/тѳӊкѳрүштѳр, финансылоо мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жетишүү, салык процедуралары, бюрократия, инфляция жана салыктык коюмдар саналат.

Белгилей кетүү зарыл нерселер: ишкерлердин пикиринде фискалдык жана укук коргоо органдарынын ишмердиги ѳлкѳддѳ бизнес жүргүзүү жана инвестициялоо жагымдуулугун баалоого жыл санап терс таасирин улам кѳбүрѳѳк тийгизип жатат. Мисалы, 2016-2018-жылдар аралыгында салыктык текшерүүлѳрдүн натыйжасында кошумча эсептѳѳлѳр 39,5 млрд сомду, же Кыргыз Республикасынын салыктык кирешелеринин жалпы кѳлѳмүнүн орточо 18,7% түзгѳн. Ошентип, жыл сайын орто эсеп менен алганда Кыргыз Республикасынын бардык ишканаларынын кирешелеринин 40%нан ашык сумма кошумча эсептелет. Бул биринчи кезекте бюджеттин салыктык кирешелеринин 77% берген ири бизнеске (0,9%), ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө зыян келтирет. Ал эми ар бир ири инвестордун мүмкүн болгон кетиши Кыргыз Республикасынын экономикасына олуттуу кесепеттерге алып келет. 2018 –жылы Кыргыз Республикасынын сотторунда салык органдарынын чечимдерине каршы болуп талашкан 116 иштин 26 гана салык тѳлѳѳчүнүн пайдасына чечилген (жалпы санынан 22,4%). 2019-жылы –135 иштин 27 гана (жалпы санынан 20%).

Бизнес менен укук коргоо органдарынын ѳз ара мамилелериндеги кѳйгѳйлѳр жалпысынан мамлекеттик бийлик органдарына жалпы терс фон калыптандырат. Бизнес мамлекеттик органдар тарабынан инвестициялар жана менчикти коргоону сезбейт. Тескерисинче, Бирдиктүү депозиттик эсеп формасындагы финансылык стимул системасы укук коргоо органдарын бизнеске басым кѳрсѳтүүгѳ түртѳт.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 22-июнь 2018-жылдагы № 298 «Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» Токтомунун негизинде укук коргоо/кѳзѳмѳл органдары тарабынан ачылган кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекеттин пайдасына ѳндүрүлгѳн каражаттардын 30% бирдиктүү депозиттик эсепке которулат.

Бизнес, камакка алуу коркунучу болгондуктан, кѳп учурда макул болбосо дагы салыктык, бажылык ж.б. тѳлѳмдѳр боюнча коюлган карыздарды тѳлѳѳгѳ мажбур.

Албетте, бизнес-коомчулук мамлекеттин бюджетине салыктарды тѳлѳѳ жоопкерчилигин түшүнѳт, бирок бул үчүн бизнес жана мамлекеттик органдар үчүн бирдей түшүнүктүү ѳз ара мамилелердин эрежелери болушу зарыл. Андан тышкары, салыктык жүктѳмдү кыска мѳѳнѳттүү жогорулатууну эмес салыктык базаны кѳбѳйтүүнү, б.а. жаӊы инвесторду тартуу жана иштеп жаткандарга жагымдуу шарттарды тузүүнү приоритет берүү керек.

Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугу конструктивдуу биргелешип иштѳѳгѳ ѳтүүнү жана инвестицияларды коргоо, жагымдуу инвестициялык климат түзүү жана кѳмүскѳ экономиканын деӊгээлин тѳмѳндѳтүү үчүн мамлекет менен бизнестин күч-аракетин бириктирүүнү сунуштайт.

Эгерде укук коргоо жана фискалдык органдардын ак ниеттүү бизнеске мамилесин кардиналдуу ѳзгѳртпѳсѳ, мындан ары дагы капиталдын кетиши, ѳнүгүүгѳ инвестициялардын кыскартылышы, легалдуу бизнестин кѳмүскѳгѳ кириши же укуктары бузулган инвесторлордун эл аралык сотторго берген доолорунун санынын ѳсүшү күтүлѳт. Маалымат иретинде айта кетсек, Кыргыз Республикасы азыркы тапта жалпы суммасы 610 млн АКШ долларын түзгѳн сегиз арбитраждык териштирүүдѳ жоопкер болуп жатат. Мындай перспектива Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климат тузүүгѳ кедергисин тийгизээри анык.

Сунуштар:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бир айлык мѳѳнѳттѳ укук коргоо жана кѳзѳмѳл органдарынын ишмердигин системалуу коз карандысыз баалоо үчүн эл аралык рейтингдер жана индекстердин корсѳткүчтѳрүн колдонуу боюнча ѳз сунуштарын берсин. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бир айлык мѳѳнѳттѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 22-июнь 2018-жылдагы № 298 «Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтомунун аракетин салыктар жана салыктык эмес тѳлѳмдѳрдү ѳндүрүү жана кошуп эсептѳѳнүн натыйжасында чарбачылык жүргүзгѳн субъектилерден түшкѳн каражаттарга жайылтпоо боюнча ѳз сунуштарын киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бир айлык мѳѳнѳттѳ укук коргоо органдарынын токтомдору боюнча салыктык текшерүү жүргүзүү жана салык органдарынын ишмердигине кийлигишүүсүн мыйзам аркылуу чектѳѳ боюнча сунуштарыын киргизсин.

3. Комитеттин Секретариаты бизнес-коомчулук жана профилдик мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү менен биргеликте үч айлык мѳѳнѳттѳ Кыргыз Республикасынын инвестициялар жана ишкердик жүргүзүүнүн негизги маселелери жаатындагы мыйзамдарын учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалды жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен анализдеп чыксын жана Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуштарын Комитеттин кароосуна койсун.

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү алты айлык мѳѳнѳттѳ 2019-жылдын 20- октябрынан 4-ноябрына чейин ѳткѳн Кыргыз Республикасынын туруктуу ѳнүгүүсү боюнча Улуттук кеңешине караштуу Кыргыз Республикасынын өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн аймактык бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча көйгөйлөржана сунуштардын тизмесин карап чыксын жана ал маселелер тизмесиндеги маселелерди чечүү жана тиешелүү мыйзамдык актыларга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча чараларды кѳрсүн.