Сереп / Макалалар /
Пандемияда Кыргызстанда инвестиция кемиди

Эрнист Нурматов
21 сентябрь 2020

Жыл башынан бери Кыргызстанга кирген жана чыккан түз инвестициялар эки эсе кемиди.

Келген-кеткен сумманын айырмасы да чоңойду – жергиликтүү бизнеске сырттан 164,4 млн. доллар салынса, кайра 603,9 млн. доллар чыгарылды. Расмий органдар муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырууда. Адистердин мындан башка да жүйөсү бар.

Жарым жылдын санагы

2020-жылдын тогузунчу айы ортолоп калганы менен инвестицияларга байланыштуу алгачкы алты айдын гана көрсөткүчтөрү чыкты. Андагы эсептер чеке жылытарлык эмес.

Улуттук статистика комитетинин басма сөз катчысы Асел Акматалиева бул жөнүндө мындайча маалымат берди:

«2020-жылдын январь-июнунда чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 164,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсе азайды. Инвестициялардын түзүмүнүн бардык бөлүктөрү төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге, кайра инвестицияланган пайданын төмөндөшү өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу төлөнгөн дивиденддердин 15 эседен ашык көбөйүшү менен шартталды».

Былтыркы жылдын алгачкы жарымында Кыргызстанга келген түз инвестициялардын суммасы 393,7 млн. доллар болгон эле. Башкача айтканда, быйылкы жарым жылдыктын көрсөткүчү мындан 229 млн. долларга аз чыкты.

Жыл башынан бери келген каражаттардын негизги көлөмү (83%) өндүрүш ишканаларына, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат менен байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Түз инвестициялардын көбү, тагыраагы 31,4% Кытайга туура келет. Дагы 18,3% Нидерланддан, 12,5% Түркиядан жана 5,6% Британиядан салынган. Мындан сырткаркы бөлүгү КМШ мамлекеттерине тиешелүү.

2019-жылдын жана 2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстанга кирген жана чыккан түз инвестициялардын көрсөткүчтөрүн салыштыруу.

2019-жылдын жана 2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстанга кирген жана чыккан түз инвестициялардын көрсөткүчтөрүн салыштыруу.

Эгер түз инвестициялардын кайра сыртка чыгарылып кетиши жөнүндө кеп салсак, бул да тең жарымына азайганы байкалат. Анын да тагыраак санын Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева айтты:

«2020-жылдын январь-июнунда чет өлкөлүк түз инвестициялардын чыгарылып кеткен көлөмү 603,9 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сыртка багытталган агым 2,2 эсе көбөйдү. Ушул эле учурда, чыгып кеткен сумма кирген сумманын деңгээлинен 439,5 млн. долларга ашты. Түз чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу менчик капиталдан башка, бардык бөлүктөрдө чыгып кеткен агымы арбыганы белгиленди».

Чыгып кеткен инвестицияны тармактарга бөлүп карасак, агым негизинен айыл чарбасынан, электроэнергия, газ, жана буу менен камсыздоодон (жабдуу), финансылык ортомчулуктан жана камсыздандыруудан, ошондой эле башка тейлөө ишмердигинен башка, ишмердиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда көбөйгөнү байкалды.

Кирген жана чыккан инвестициянын азайышын мамлекеттик органдар коронавирус пандемиясы менен түшүндүрүп жатышат. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов буларга токтолду:

«Коронавирус бүт дүйнөнү каптап, глобалдык инвестициялар да 40% чейин кыскарды. Эл аралык баяндамаларда бул дагы күчөшү мүмкүн деп айтылып жатат. Анан пандемия Кыргызстанды да кыйгап кеткен жок да, тилекке каршы. Вируска байланыштуу чек аралар жабылды, соода жүгүртүү чынжырчасы үзүлдү, бардык секторлор артка кетти. Анын ичинде, алар менен байланыштуу түз инвестициялар да азайганынын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Негизи биздин болжолдо түз инвестициялардын келиши 40-50% азаярын күтүп жатканбыз, жыйынтыгында 58% артка кетип жатат. Жыл жыйынтыгында балким бир аз көбөйүшү мүмкүн, бирок тилекке каршы төмөндөө 30-40% көрсөткүчтө кала берет».

Азаюунун башка да себептери бар

Албетте, быйыл коронавируска байланыштуу экономиканын бардык тармактары артка кеткени белгилүү. Ички дүң өнүм өзү сегиз айда 5,9% түштү. Эл аралык уюмдар жыл жыйынтыгында бул көрсөткүч 10% чейин төмөндөй турганын билдирген. Тышкы соода, өндүрүш жана башка көрсөткүчтөр да ылдыйлады.

Адистер сырттан келген инвестиция да ушул сыяктуу эле коронавируска байланыштуу төмөндөп жатканын белгилешет. Бирок эксперттер мындан башка да жүйөлөрдү келтирип жатышат.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кепке кошулду.

«Ооба, коронавирус да себеп, - деп сөз баштады ал. - Бирок түз инвестициялардын келишине башка да факторлор таасир этип жатат. Анын ичинде жалпы саясий-экономикалык кырдаал, алгылыктуу реформалардын жетишпестиги, бизнести жүргүзүү боюнча рейтингде жылыштын жоктугу да себеп. Сот системасына ишенич жок, бизнесте кандай талаш-тартыштар болбосун, салык боюнча же башка боюнча көбүнчө утулуп калат. Дээрлик 85% талаш боюнча жыйынтык ушундай. Мындан сырткары өкмөттүн туруксуздугу, кайра-кайра премьер-министрдин, министрлердин алмашканы да тескери таасир этет. Азыр шайлоо учурунда өкмөт «не бар, не жок» деп, таптакыр эле жумушта пауза кармап тургансыйт. Бул да чет элдик инвесторлорду ойлонтпой койбойт. Алар «бул өлкөдө кандай парламент келет, кандай өкмөт түзүлөт, кокус бирдеме болуп кетсе, инвестициябыздан кол жууп калбайбызбы» деген сыяктуу күмөн саноо менен да акчасын салуудан карманып жатат деп айтсак болот».

Чет элдик тикелей инвестиция дегенде, ага Кыргызстандагы ишканага чет элдик инвесторлор жумшаган менчик капиталы, финансылык лизинги, тапкан пайдасынын кайра ишке салынышы жана башка нерселер кирет. Же өлкө ичиндеги ишканаларга, банктарга же башка мекемелерге сырттан берилген насыялар да кошулат.

Расмий мекемелер инвесторлорду тартууда жана бул багыттагы көрсөткүчтөрдү кайра калыбына келтирүүдө 2021-жылдын башынан тартып аракеттер күчөтүлөт деп ишендирүүгө аракет кылып жатышат.

Кытай менен Кыргызстандын туулары

Кепти кайрадан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовго берели.

«Биз азыр, жөнөкөй тил менен айтканда өзүбүзгө «үй тапшырмасы» катары инвестицияны көтөрүү милдетин алдыга койдук, - дейт ал. - Быйылкы жыл түшүнүктүү, жаңы инвесторлор да келбейт. Бирок биз мурдагы көрсөткүчтөрдү келерки жылы кайра калыбына келтирүүнү максат кылып жатабыз. 2021-жылга карата инвестициялык долбоорлорду жасап, аймактардын мүмкүнчүлүгүн аныктап, санарип ыкмаларды колдонуп, эмдиги жылы чек аралар ачылып, аба каттамдары жолго коюлган мезгилге толук даяр болуп турабыз. Экинчи жагынан бүгүнкү күндө Кыргызстанда иштеп жаткан инвесторлор менен тыгыз иштешип жатабыз. Ал үчүн атайын куратордук механизм киргиздик. Инвесторлорго пандемиядан кийинки маселелерин чечип, кыска мөөнөттүн ичинде жагымдуу экономикалык, уюштуруучу шарт түзүп бере алабыз деп ойлойм. Азыр инвесторлордо негизги кыйынчылык - жабдууларын, адистерин өлкөгө киргизе албай жатышканы, биринчи аракеттер мына ушуну чечүүдөн башталат».

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылы Кыргызстанга бир млрд. 76 млн. долларлык түз инвестиция келип, 673 млн. доллардан ашык түз инвестиция кайра чыгарылып кеткен. 2018-жылы кирген сумма 851 млн. 743,6 сомду түзсө, 707 млн. 521,0 доллар чыгарылган.

Ссылка: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-investition-crisis/30845966.html