Сереп / Макалалар /
Бишкектеги курулуштардын жарымы мыйзамсыз жүргүзүлүүдө: Бирок буга куруучуларды мамлекет өзү түртүп жатат

Санжар Давлетов, Premium Development курулуш компаниясынын башкы директору
1 январь 2015

Курулуш тармагындагы башкы көйгөй болуп үй куруучуларга карата коомдогу терс мамиленин жаралышы деп ойлойм. Сыйлыгыштырылган айрым курулуштар бар, анда жаңы имараттар тарыхый калыптанган турак райондорунда, үйлөрдүн арасына жакын, балдар аянтчасынын ордуна курулат. Мындай курулуш жергиликтүү элдин терс реакциясын туудурат, андан сырткары, курулуш иштери ызы-чуу, унаа тыгындары, тротуарлардын тосулуп калышы сыяктуу белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратат. Эгер эмненидир куруп жатышса – демек, натыйжада эл бул жакшы эмес экендигине ынанышат.

Эмнегедир адамдар азыркы «элита үйлөрүнүн» бардыгы сапатсыз деген пикирде болуп калышкан. Бирок үй куруучулар курулган имаратка өмүр бою жооптуу болушат. Биз сапаттуу материалдарды – россия арматурасын, жакшы маркадагы бетонду колдонобуз. Мен өзүмдүн кесиптештерим сыяктуу эле мен курган үй кулап калышын, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууну каалабайм.

Бизди кытай металлын колдонушат экен деген кептер бар, жана интернетте да курулуш жөнүндө көп терс пикирлер жүрөт. Ооба, мүмкүн, айрым компаниялар сейилбактарын кыркып жатышат. Бирок, бир жагынан, көпчүлүк компаниялардын колдорунда бардык документациялары – уруксат кагазы, «кызыл» китеби бар, жана компания курулушту мыйзамдуу түрдө баштап жатат деп тастыктоого болот. Бирок бул жерде жергиликтүү эл чыгат, бийлик төбөлдөрү же депутаттар элдин жетегинде болуп, популисттик чечимдерди кабыл ала коюшат – Мамархитектурага көрсөтмө беришип, уруксатты кайра чакыртып алышат, ошентип бул куруучулардын мыйзамды бузгандыгынан эмес, коомдук басым көрсөтүүдөн болуп жатат. Бирок да курулуш жүрүп жаткан жер муниципалдык эмес, жеке менчиктеги жер.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жогорку бийлик төбөлдөрүнүн биринин артынан бири камакка алынышын эске алышып, бийлик төбөлдөрү өздөрүнө жоопкерчиликти алгылары келбегендиктен, өзгөчө акыркы убактарда уруксат берүү документтерин алуу өтө кыйындап баратат. Аракеттеги стандарттарда бардык процедуралар так жазылып турганы менен, азырынча бир дагы курулуш компаниясы бул стандарттар боюнча уруксаттарды алыша элек. Документацияны бекитүүгө эки-үч айдан жарым жылга чейин убакыт талап кылынат. Кээде компаниялар эки жыл деле күтүп калышат.

Башкы көйгөй – электр энергиясына жана жылуулукка техникалык шарттардын алынышы. Бийлик төбөлдөрү тармактардын өтө жүктөлгөндүгүн, мүмкүнчүлүктүн жоктугун айтышат, бирок мунун кай бирде чындыгы бар, кай бирде жок. Ошентип бул кызматтар өздөрүнө пайда көргүлөрү келишет, анан үй куруучулар «сүйлөшүүгө» аргасыз болушат.

Уруксат алуу процедураларынын түйшүгүнөн тышкары, текшерүүчүлөр өтө көп. Өкмөт текшерүүлөрдүн саны кескин кыскарды деп отчет бергени менен, курулуш тармагында азырынча бул сезиле элек. Тескерисинче, текшерүү органдарынын көңүлү азыр курулуш секторуна багытталган.

Техинспекциянын текшерүүсү милдеттүү экендиги түшүнүктүү, бирок алардан сырткары өрт өчүрүүлөр, электриктер, УКМК, прокуратура, ИИМ, Монополияга каршы күрөшүү комитети текшерет. Эскертүүлөргө тийиштүү жагын алганда – кааласа дайыма бир нерсе табууга болот, анан текшерүүлөр кайталанат.

Бирок да курулуш рыногу ар кандай өзгөрүүлөргө сезимтал келет. Алсак, бүгүн мен соткасы 30 миң доллардан жер сатып алам. Эки жылдын ичинде мен үй куруп, аны сатышым керек. Анткени эки жылдан кийин турак-жай курулушу рыногунда кандай өзгөрүүлөр болору али белгисиз.

Бизде курулуштардын жарымы мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу көп эле айтылып жүрөт. Мындайлар бар. Бирок буга куруучуларды мамлекет өзү түртүп жатат. Жагдайды элестетип көрүңүз: курулуш компаниясы жерди сатып алып, документтерин өткөрүп – күтүп жатат... Бирок бул бизнесте күткөнгө болбойт, анткени эртең рынок бузулушу мүмкүн. Анын үстүнө үлүшчүлөрдүн акчасы дагы салынган. Ошондуктан компания тиги менен, муну менен акырын сүйлөшө баштайт, негизинен «кырдаалды» жайгаштырат.

Эгер мамлекет жоопкерчиликти өзүнө алып, силер документтерди өткөрсөңөр, эң көбү үч айдын ичинде биз уруксатты беребиз деп, анын мөөнөттөрүн так белгилесе жакшы болор эле. Эгер мындай шарттарда компания уруксатсыз курулушту баштаса, анын атайылап мыйзамды сактабай жаткандыгын мен түшүнөр элем.

Азыр Бишкекте жүздөн ашык объек тургузулуп жатат, анын ичинен жарымысынын кандайдыр документтери жок. Эгер компаниялардын 50%ы уруксат берүүчү документтерисиз курулушту жүргүзүп жатышса, анда, демек, бул жерде системдик ката кетирилген, анда мамлекеттин да күнөөсү бар. Бирок үй куруучуларды гана күнөөлөп келишет.

Эгер компания уруксаты жок куруп жатса, бул сапатсыз куруп жатат дегендикке жатпайт. Ооба, биз акча табууну каалайбыз, кээ бир жерде үнөмдөгүбүз келет, бирок арматура же бетон сыяктуу маанилүү материалдардан эмес.

Бүгүнкү күндө ата мекендик рынокто ички, ата мекендик инвесторлор өтө көп – 70 пайызга жакын. Биздин өкмөткө болгон өтүнүчүбүз – уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн кыскартуу жана текшерүүлөрдүн санын азайтуу. Биз салыктардын бардыгын төлөөгө даярбыз. Мисалы, өкмөт курулуп бүткөн турактын ар бир чарчы метри үчүн салык төлөөгө курулуш компанияларын милдеттендирүүнү сунуштап жатат – биз ага төлөгөнгө макулбуз. Биз өзүбүздүн кирешелерибизди жаап-жашырууга аракет кылган жокпуз, бизде курулуштун өздүк наркы боюнча ж.б. эсептөөлөрдүн бардыгы бар. Биз тармактарга кошулуу үчүн зарыл болгон түтүктөрдүн ошончо километрин өзүбүз алмаштырууга макулбуз. Бизге кошулууга техшарттарды гана берсеңер болду.

Курулуш бизнесинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үч миңден ашык түрлөрү тартылат. Ар бир объектте көптөгөн адамдар иштешет, жана алар жакшы акча табышат. Иштин сапаттуулугу үчүн прорабдар, техкөзөмөл карап турушат.

Компаниялар квалификациялуу жумушчулар гана эмес – кыш коюучулар, ширетүүчүлөр, монолитчиктер сыяктуу адистердин жетишсиздигине дуушар болушууда. Жакшы прораб дагы алтынга тете. Ал эми Россияда иштеп жатышкан балдар Бишкекте деле ошондой акча таба алышмак.

Курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын илгерилетүү, көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн, биз ЭИКке кирдик, ошондой эле Кыргызстандын жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) алдында курулуш боюнча комитетти түздүк. Биздин үнүбүз мамлекетке жетишин каалайбыз.

Азыр өлкөдөгү реалдуу иштеп жаткан жалгыз сектор – бул курулуш сектору. Эгер бул сектор иштеп жаткан болсо, ага жардам берүү зарыл же, жок дегенде жолтоо болбой туруу абзел.